"Мунабия" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Түштүк Кореяда өтөт
Кыргыз режиссёру Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" тасмасы 12-21-октябрь күндөрү Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтө турган 20-эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу режиссёр бүгүн, 13-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Тасма 13, 19, 20-октябрь күндөрү "Азия кинематографына терезе" программасынын алкагында көрсөтүлөт. Анда башкы ролдорду Гүлзинат Суранчиева, Мээрим Атантаева, Назым Мендебаиров, Сакен Карабаев жана башкалар аткарышат. Фильм жазуучу Казат Акматовдун калемине таандык чыгарманын негизинде тартылган", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.