super.kg logo

Ат-Башыда ооруканага жаткырылган 3 адам сибирь жарасын жуктуруп алганы аныкталды

 

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында ооруканага жаткырылган 3 адам сибирь жарасы дартын жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда SUPER.KG порталына Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун башчысынын орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

"Ат-Башы районунда сибирь жарасын жуктуруп алды деп шектелип ооруканага жаткырылган 3 адамдын анализи чыгарылды. Алардын ооруну жуктуруп алганы атайын лабораториядан текшерүүдөн өтүп аныкталды. Негизи мал союу атайын ветеринардык талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек болчу. Бирок алар үй шартында ылаңдаган уйду союшкан. Учурда бейтаптар дарыланууда. Казыбек айылында ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүүдө", - деп билдирди Усенбаев.

Эске салсак, буга чейин Ат-Башы районунда 3 адам сибирь жарасы дартын жуктуруп алган деген шек менен ооруканага жаткырылган.

Маалымат үчүн: Сибирь жарасы (Күйдүргү) – малдан жугуучу эң коркунучтуу оору. Ал денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат, ошондой эле канды бузат. Күйдүргүнүн козгоочусу - таякча сымал микроб. Жер кыртышында спора түрүндө сакталат. Организмге киргенде өсүп-өнүгүп, көбөйөт жана организмди уулантат. Споралар тышкы чөйрөдө 100 жылдан ашык сакталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.09.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"мал союу атайын ветеринардык талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек болчу "-дей малга прививка кылып караш керек болчу! Айыл окмоттун начар иштегени! Илгертен эле уй шартында союлуп журчу эмес беле бодо мал деле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: