Депутат: "Кыргыз тилин өнүктүрүүгө миллиондогон акча которулууда, бирок майнап чыкпай жатат"
Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн чоң суммадагы акча каражаты которулуп жатса да натыйжа болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Каржы министринин орун басары Алмаз Азимовдун айтымында, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасына бүгүнкү күнгө чейин 142 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн билдирди.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдиргендей, каражат Билим берүү жана илим министрлигине, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Улуттук илимдер академиясына жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына бөлүнгөн. "Комиссияга өткөн жылы 1 миллион 470 миң сом бөлүнгөн. Бул акчага былтыр 90 наамдагы китеп жарык көрдү. Быйылкы жылга 6 миллион 800 миң сом каралган. Ага Эгемендүүлүк күнүнө карата 26 китеп жарык көрдү", - деди Ишекеев.
Депутат Зиядин Жамалдинов бул китептерди чыгаруудан канча адам кыргыз тилин үйрөнгөнүн сурады. Ишекеев бул боюнча статистикалык маалыматы жок экенин айтты.


Отчет бергендеринерди окуп,угуп,тан калгандан башка арга жок.
Айтмакчы автобус айдаган аксакал особняк салды бирок анын айлыгы болгону 10мин сом. Бул акчага мен курсагым зорго тоет.
Демек биздин олкодо коррупсиясыз жашоо отпойт!
Кыргыз тил дейт. Детский садикти коп ачып анын баарын орусча кылышсын коробуз анан. Келечекте кыргызча суйлогон кыргыз калаар бекен...