super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Жеңил атлетика боюнча Кыргыз курама командасы аныкталды

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 2017-жылы 17-27-сентябрь аралыгында өтө турган уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарына катыша турган Кыргыз өлкөсүнүн жеңил атлетика боюнча курамасы аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке спорттун 17 түрүнөн жалпы эсепте 153 Кыргыз спортчу катышат. Анын ичинен жеңил атлетика боюнча мелдештерге 5 спортчу катышып, медалдар үчүн күч сынашат.

Маалымдай кетсек, жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери уюштурулуп келет. 2009-жылдан баштап уруш түрлөрү боюнча Азия оюндары кошулган. 2013-жылы Кореяда өткөн Азия оюндарында Кыргыз спортчулар 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алып, медалдык эсепте 29 команданын арасынан 15-орунга татыган.

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз курама командасы:

Гулшанай Сатарова - 800 жана 1500 метр аралыктагы жарышка катышат;

Алигаджи Магомедгаджиев - 60 метр аралыктагы жарышка катышат;

Арина Клещукова - 800 метр аралыктагы жарышка катышат;

Мусулман Жоламанов - 800 жана 1500 метр аралыктагы жарышка катышат;

Кирилл Сарасов - 400 метр аралыктагы жарышка катышат;

Машыктыруучу - Татьяна Борисова;

Башкы машыктыруучу - Сатыбек Чокаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.09.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маслова жокко????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: