super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Бүткүл дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы кайрымдуулук акцияларын өткөрүүдө

 
 Нарын шаары жана Нарын району боюнча каттоодо турган жетим балдарды өз кучагына алып, жардам берип келген Бүткүл дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы быйыл дагы өздөрүнүн көмөгүн көрсөтүп келүүдө. Бул жолу каттоодо турган 121 балага 2000 сомдон акчалай жардам жана кышкы жылуу курткалар берилди. Бул Ассамблея 121 баланы толугу менен өз камкордугуна алган. Аларды ар бир 4 мезгил сайын кийим-кече, окуу куралдары, мектеп формалары менен камсыз кылып турат. Мындай акциялар бүткүл Кыргызстанда өткөрүлүп келет. Өткөн жумада ушундай эле иш-чара Ош шаарында өткөн, эми келерки жумада Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөнү турат. Ар бир жума сайын мындай акциялар өткөрүлүп, Кыргызстан боюнча 1200дөн ашык балага жардам берет. 11 жылдан бери мындай көмөк көрсөтүп келе жаткан Ассамблея 2006-жылдан тартып Нарын облусунда ишмердүүлүгүн улантууда. Ал эми каржы жактан араб мусулмандарынын колунда бар өкүлдөрү каржылап келет.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: