Депутат өлкөдө таанымал жаш жазуучулардын жок болгонуна нааразы
Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында тил маселеси талкууланууда. Анын жүрүшүндө депутат Садык Шер-Нияз ("Ата Мекен") Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда иштегендердин жаш курактарын сурады.
Бул комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жооп бергендей, штатта 10 кызматкер бар, алардын эң кичүүсү 27 жашта, ал эми эң улуусу 65 жашта. Буга Садык Шер-Нияз: "Бүгүнкү күндө жаштарга тил үйрөтүү боюнча жакшы туруктуу иш жок. Азыркы жаш жазуучулардын аттарын айтып бере аласызбы?" - деп кызыкты депутат.
Ишекеев жаш жазуучулардын аттарын айта алган жок. "Жаштарды тартуу максатында чыгармаларын чыгарып турабыз. 10 чакты автордун ырлар жыйнагын чыгардык", - деди Ишекеев.
"Бүгүн сиз парламентте таанымал жаш жазуучулардын аттарын айта алган жоксуз. Уят да. Бул бүгүнкү тилдин кебетеси. Азыркы иш жакшы эмес", - деп нааразы болду депутат Садык Шер-Нияз.

Мен Ак Булут ысымы менен чыккан акын, жазуучумун.
Садык Шернияз жакшы тема козгоптур. Биздин 20 миндей окурманыбыз бар, алар Биздин китеп суранышат. Бирок баары эле каражатка келип такалат. Китеп чыкмайынча сен жазуучулардын катарына кошула албайт экенсинда.
Башкача айтканда атын чыга бербейт.
Исаакеев бизге жардам кылса, Садык Шернияз агайга коркпой жооп узатмак. Унумду аларга жеткирип койгулачы. Мен 20 жаштагы жигит Советбек.