super.kg logo

20-сентябрдан тартып туура эмес жерге токтотулган унаалардын дөңгөлөгүнө Патрулдук милиция “блокиратор” тагып баштайт

 

Жакында жол эрежесин бузган же туура эмес жерге коюлган унаалардын дөңгөлөгүнө Патрулдук милиция тарабынан “блокиратор” тагыла баштайт. Бул тууралуу Патрулдук милиция боюнча ИИМдин координатору Нур Сатыбалдиев бүгүн, 13-сентябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында 20-сентябрдан тартып 10 "блокиратор" Бишкек шаарында эксперимент катары колдонула баштайт.

"Ал айдоочуга дароо көрүнүш үчүн унаанын айдоочу тарабындагы дөңгөлөккө тагылат. Эгерде айдоочу аны өзү чечүүгө же чечпей айдап кетүүгө аракет кылса ал дөңгөлөктү тешип салуусу мүмкүн. Айдоочу алгач айып пулду төлөгөн соң гана Патрулдук милиция тарабынан дөңгөлөктөн чечилет”, - дейт Нур Сатыбалдиев.

Айта кетсек "блокиратор" - унааны ордунан жылдырбоо үчүн дөңгөлөккө тагыла турган инструмент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
13.09.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аккумулятор менен иштей турган Болгарка салып жүрүш керек. Если что кесип салганы
13.09.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биринчи авто стоянка куруп бергиле анан ушул ишти баштагыла. Озунор жакшы билесинер бизде стоянка деген жокко эсе, болсода жеке мечник кымбат
13.09.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы не болгон терминатор ойлоп табышкан
13.09.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы. Тааныш билиш кылбай чондор менен тегиз кылгыла. Карапайым эле билет чондор ар жерге токтотот алардын ашыкча жери бардар. Закон бирдей иштесе тартип соонун болот.
13.09.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шордуу Кыргыз элим эми эмне кылабыз?,буларың ар жактан ар нерселерин ойлоп таап шаштыны кетире турган болушту.Ошого жараша же кенен кесири токтой турган стоянка болсо жакшы эле.
13.09.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшы нерсе экен айрыкча базарлада пропкаларды жайласанар болмок
13.09.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул вариантын деле көрөбүз го протокол толтурам дегенде чөнтөгүңө 1шт Алыкул кирсе кетесин да ары карап ...
14.09.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушул эле калды кылбаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: