super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Apple компаниясы iPhone'дун үч жаңы үлгүсүн көрсөттү

 
iPhone 8
iPhone X

Apple компаниясы колдонуучуларына iPhone'дун үч жаңы үлгүсүн тартуулады. Алар iPhone 8, iPhone 8 Plus жана смартфондун мааракелик үлгүсү - iPhone X.

IPhone 8 жана iPhone 8 Plus үлгүлөрү сырткы көрүнүшү боюнча мурунку iPhone 7ге окшош, бирок андан да жакшыртылган камерага жана процессорго ээ.

  • Экранынын өлчөмү 5,5 дюйм.
  • Оперативдик эс тутуму — 64 гигабайт жана 256 гигабайт.

iPhone 8ге болгон баа 699 доллардан (болжол менен 48 миң 154 сом) жогору болсо, ал эми iPhone 8 Plus'ка болгон баа 799 доллардан (болжол менен 55 миң 43 сом) өйдө болот.

iPhone X - бул Apple компаниясынын тарыхында бетиндеги негизги Home баскычы жок биринчи смартфон болмокчу. Touch ID-манжа издерин таануу функциясын, Face ID ээсинин жүзүн таанып иштей турган функциясы алмаштырат. Apple компаниясынын өкүлү билдиргендей мындай коргоо системи 20 эсе ишенимдүү. iPhone X, iPhone'дордун ичинен эң жазы дисплейге ээ, анын өлчөмү 5,8 дюйм. Мындан сырткары Х үлгүсүнүн камерасы 12 мегапикселге ээ болгон. Смартфондун баасы 999 доллардан (болжол менен 68 миң 821 сом) өйдө болору күтүлүүдө.

Жаңы чыккан смартфондордун дагы бир өзгөчөлүгү зымсыз кубаттагычтар менен кубат ала бергенинде. IPhone X 2017-жылдын 3-ноябрында сатыкка чыгары айтылып жатат.

Ал эми Apple компаниясынын Бишкектеги iStore фирмалык дүкөнү билдиргендей телефондордун бул моделдери Кыргыз өлкөсүндө сатыкка качан чыгары азырынча белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.09.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун эс тутуму сонун го
13.09.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз байкуш дагым деле шугур деп 4s которуп журобуз 4 жылдан бери)) же телефон бузулбады же мен онугуп жаныга жетпедим(( бирок Эжем 4 жылда 3 андроид талкалап бутту. iPhone тел. Вирус кирбегени, катып калбаганы менен абдан сыйлуу!
13.09.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Fidel,шүгүр кылыңыз 4S ке жетпей жүргөндөр канча ☺
13.09.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай клауд боп каганы чатак да
13.09.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айфонду чыгарган Еппл компаниясы кучтуу тунук корсоткон a moled дисплейин Самсунгдан сатып алат экен, конкуренти озу Айфонго берет экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: