super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаардык кеңеши дагы жыйынга чогула алган жок

 

Жалал-Абад шаардык кеңеши бүгүн, 13-сентябрда дагы жыйынга чогула алган жок. Бул тууралуу SUPER.KG`ге шаардык кеңештеги курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” фракциялары кирген көпчүлүк коалициянын лидери Сайдулла Чымбердиев билдирди. Анын айтымында бүгүн шаардык кеңеш 2017-жылдын бюджетин бекитмек.

"Бүгүн, 13-сентябрда шаардык кеңеште 2017-жылдын бюджетин бекитмекпиз. Кворум жок планыбыз ишке ашкан жок. Мурда сессияга "Өнүгүү" жана "Ата-Журт" фракциялары келбей жаткан. Бүгүн "Республикачылар" да келген жок. Бизде болгону 15 депутат чогулуп кайра тарадык", - деди Чымбердиев.

Ал эми шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга кирбеген "Өнүгүү" фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков сессия мыйзамсыз чакырылганын айтты.

"Бул сессия мыйзамсыз башталган. Бюджетти бекитебиз дейт. Биз шаардык кеңеш көпчүлүк азчылык чогуу отуруп бюджетти талкуулашыбыз керек болчу. Бирок бул ирет андай болгон жок. Көпчүлүк коалиция 29-июнда шаардык кеңештин 18 депутаты биринчи сессияны ачкан. Күн тартибиндеги төрага шайлоо азчылыктагы эки фракция жыйынга келбегендиктен сессия 11-июлга андан соң 2-августка калтырылган. Бирок бул күнү да депутаттар чогулбай 4-августта шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын 16 депутаты бюджетти кароону чечкен. Андан кийин да бир нече жолу чогулуу аракети болду. Ошентип 29-июнда ачылган сессия эмдигиче жабыла элек", - деди Адылбеков.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңеши алгач 2016-жылдын 11-декабрында шайланып, шаар башчысын шайлоодо бир чечимге келбей быйыл апрель айында тараган. Депутаттарды шайлоо быйыл 28-майда мөөнөтүнөн мурда кайра белгиленип, анда КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика”, “Өнүгүү”, “Ата Журт” партиялары шаардыктардын колдоосун тапкан. Учурда шаардык кеңештин төрагасы да, шаар башчысы да шайлана элек. Жылдын 9 айы артта калып жатканы менен 2017-жылдын бюджети ушул күнгө чейин бекитиле элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: