super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Америкага качан учуп кетери белгилүү болду

 

Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн 17-24-сентябрда Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-сентябрда Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясаттагы урунттуу багыттарын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди. Атап айтканда, Атамбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сочи шаарындагы боло турган жолугушуусуна, БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына жумушчу сапарына, аталган иш-чарага катышуунун алкагында Кыргыз тарап демилгелеген иш-чараларга катышуусуна даярдык көрүү туурасында маалымат берилди.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жооп иретинде мамлекеттик иш сапарына даярдык көрүүнүн алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштердин жүрүшү талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев алдыдагы иш-чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: