super.kg logo

Аида Салянованын сотунда прокурорлор менен жактоочулар айтышып кетти

 

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Прокурор жактоочу Чынара Жакупбекова тарабынан атайын соттук ишти кечиктирүүгө аракет жасалып жатканын айтты.

"Жактоочу ишти атайын кечиктирүүгө аракет кылууда. Эртең менен "Элдик парламенттин" соту калтырылды. Жактоочу ал жерге барган эмес. Натыйжада бул жактагы отурум да үзгүлтүккө учурады", - деди мамлекеттик айыптоочу.

Ал эми жактоочу Чынара Жакупбекова кечээ, 12-сентябрда Өмүрбек Текебаевдин сотунда жүргөн учурда шаардык сотто бүгүн, 13-сентябрда "Элдик парламенттин" өкүлдөрүнүн соту болору айтылганын, ошондуктан бүгүн эртең менен соттук отурумга келбей калганын айтты.

"Мен кечээ "Элдик парламенттин" сотуна кеч чакыруу алдым. Бүгүн саат 9:00дө чалып, Салянованын сотуна байланыштуу, шаардык соттогу отурум башка күнгө калтырылганын айтты, ал учурда Ленин райондук соту отурумду түштөн кийинкиге калтыргандыктан отурумга келе алган жокмун", - деди жактоочу Жакупбекова.

Андан ары жактоочу менен прокурорлор айтыша кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.09.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык эле көрүнүп турбайбы. Бир күн анын баласы ооруйт эртеси мунун баласы ооруйт дагы ж б у с.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: