super.kg logo

20 жаштагы Бегимай Назарова Кыргыздын атынан "Жер сулуусу-2017" дүйнөлүк сынагына катышат

 
Бегимай Назарова

20 жаштагы Бегимай Назарова Кыргыздын атынан Бириккен улуттар уюмунун колдоосу менен өтө турган “Жер сулуусу-2017” дүйнөлүк сулуулар сынагына катышат. Бул тууралуу аталган сынактын расмий сайты жарыялады.

Маалым болгондой, сулуулар сынагы ушул жылдын 14-октябрынан 4-ноябрына чейин Филиппинде өтөт. Назарова сынакка кандайча катышып калгандыгы тууралуу интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

“Өткөн жылы Түркияда өткөн “Дүйнө ханбийкеси-2016” эл аралык сулуулар сынагына катышып, “Достук сулуусу” наамына татып, Дүйнөлүк сулуулук жана мода конгрессинин модели болгом. Бул жылы алар “Жер сулуусу-2017” сынагына катышып көрүүнү сунушташты. Билишимче, 10 кыздын ичинен тандоо жүрүп, жыйынтыгында мени тандашкан. Мен Кыргыз жерин татыктуу көрсөтүүгө аракет кылам жана сиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдирем”, - деген ал.

“Жер сулуусу” сынагы – дүйнөдөгү белгилүү сулуулук сынактарынын катарына кирет. Анын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн айлана-чөйрөдөгү көйгөйлөргө буруу. Жеңүүчү “Жер сулуусу” титулуна ээ болгондон сырткары БУУнун айлана-чөйрөнү сактоо боюнча программасын өнүктүрүүчү элчи болуп жарыяланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
13.09.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыгында сулуу экен!
13.09.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супсулуу экен
13.09.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Быйыл канча сулуулук конкрусу болуп отту.Сулуулардын олимпиадамы ачылбаса ле болду.Ар бир мамлекеттен 200-300дон сулуулар барып.
13.09.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korgum_kelet, Nendi15, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. 3 күндөн БАН!
13.09.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syn4y, коомдук этиканы сактаңыз. Эскертилген 2 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-13 17:13:03
13.09.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдоо сураган сон кыргыздын улуттук кийими менен деле суротко тушуп койбоптур
13.09.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Косметика, косметика жана дагы косметика сатам
14.09.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тууганым окшойт.Сулуулугу да мендей экен.Филиппинге кошо барсамбы.Байгелуу болуп калса догурунуп журуп жарымын алсамбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: