super.kg logo

Жактоочу: "Салянова башкы прокурор болуп турганда кызматтан айдалган прокурордун ага жеке таарынычы болушу мүмкүн"

 

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Отурумда коомдук жактоочу соттогу прокурор Марат Бусурманкулов Аида Салянова башкы прокурор болуп турган учурда кызматтан кеткенин эскертип, Бусурманкуловду соттук отурумдан четтетүүнү сурады.

"Бул жердеги айыптоочу Бусурманкулов 2013-жылы Аида Салянова башкы прокурор болуп турган учурда кызматтан кеткен. Ал бул иште прокурор болуп отурушу туура эмес. Бул иште прокурордун жеке кызыкчылыгы же таарынычы болушу мүмкүн. Ошондуктан прокурор Бусурманкуловду отурумдан четтетүүнү өтүнүч кылам", - деди коомдук жактоочу.

Сот тараптардын пикирин угуп, өтүнүчтү четке какты.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: