super.kg logo

Сотто чыр чыгып, конвойлор Садыр Жапаровду жана тарапташтарын залдан чыгарып салды

 

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз каралып, соттук отурум өткөрүлдү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө "2013-жылдын 7-октябрында Саруу айылында өткөн митингге тиешеси бар" делип суралган 10дон ашуун күбө жана шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү окулду.

Отурумдун жүрүшүндө сот "тиешеси жоктордун көрсөтмөсүн окутуп жатасыз" деди жактоочуга.

Жактоочу Шарабидин Токтосунов:

"Урматтуу сот, сиздер ишке тиешеси жок деп жатасыздар. Анда эмне үчүн ишке тиешеси бар деп документтердин катарына тиркеп жүрөсүздөр? Эгерде алардын көрсөтмөсү сиздерге мааниси жок болсо бизге маанилүү. Ошондуктан окуп бериңиз", - деди ал.

Сот Жаңыл Мамбеталы менен жактоочу Шарабидин Токтосунов жана Садыр Жапаров соттун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окубай туруп жарыш сөзгө өтөбүз дегенинен улам чырдашты.

Жыйынтыгында Сот Жапаровду сот залынан чыгарып салууга буюрду. Конвойлор Садыр Жапаровду сот залынан алып чыгып кетти. Андан соң залда отурган Жапаровдун тарапташтарын аларга кошо журналисттерди залдан чыгарып салды.

Соттук отурум эртең саат 14:00гө жылдырылды.

Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын 2-августунда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.09.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бошотуп салгыла элге жаман корунуп буттунор жалган жашыкты айтып.Силерди сот деп ким айтат андан коро озунор олкодон чыгып кеткиле дегин келет.
13.09.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мадумаровду колдойлу туугандар.Ал Жапаровду чвгарып жана азыркы соттогу мыйзам чыгаргандардын баарын жазалайт
13.09.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kokboru,биз канча колодосок да баары бир откорбойт ал кишини. Анткени билишет ал киши бийлике келсе коптогон нерсенин сыры ачылат.
13.09.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо эле атасына кетти бошоттук дешти элего facebook та?
13.09.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida,Ал Сабыр Жапаров болчу б.а.
Садырдын агасы
13.09.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев Жээнбеков андан коро Карамушкинаны карматып сурак кылсанар боло, отуруп алып Кыргызстанда Орус тили мамлекеттик тил болсун деп атат. Мына мамлекеттик коопсуздукту бузуу деген, Жапаров митинг кылса коопсуздук бузулду дебей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: