super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-СЕНТЯБРЬ: Мугалимдердин катаал мамилеси, согуштагы күндөрү, үй-бүлөлүк жашоосун чыгармаларында чагылдырган жазуучу Роальд Даль 101 жыл мурун туулган

 

Мындан 101 жыл мурун, 1916-жылы 13-сентябрда Улуу Британиядагы белгилүү жазуучулардын бири Роальд Даль (Roald Dahl) Лландаффта норвегиялыктардын үй-бүлөсүндө туулган. 1920-жылы эжеси, андан кийин атасы ооруп көз жумган. Апасы эки уулу, 4 кызы менен жалгыз калган.

Роальд 7 жашка толгондо апасы аны Кафедралдык мектепке берет. Ал жакта эки жыл окугандан кийин директордун катаал мамилесинен кийин апасы уулун башка мектепке которот. Балалыгындагы мугалимдердин орой мамилеси тууралуу өзүнүн "Бала" аттуу китебине жазган. Ал өзү теңдүүлөрдөн боюнун узундугу, крикетти жакшы ойногондугу, мыкты сүзгөндүгү менен айырмаланып, бирок окуудан өзүн көрсөтө алган эмес.

Үй-бүлөсү менен башка шаарга көчүп кеткенде Роальд коомдук Рептон мектебине которулат. Бул мектепте "дедовщина" өнүккөндөн улам кичинекей балдар жогорку класста окуган балдардын кулу катары жүрүшкөн. Рептондогу күндөрүн "Фоксли тулпары" чыгармасында жазган. Рептон мектебинин окуучуларына "Cadbury" шоколад чыгаруучу компаниясы продукцияларын текшертүү үчүн алып келип турган. Шоколад фабрикасында иштөө кыялы анын "Чарли жана Шоколад фабрикасы" чыгармасын жаратууга түрткү болгон.

1934-жылы колледжди аяктагандан кийин окуучулар тобу менен сүрөтчү катары Ньюфаундлендди изилдөөгө жөнөйт. Андан соң "Шелл" мунай-зат компаниясында окуган. Жогорудагы компаниянын кызматкери катары 1936-жылы Чыгыш Африкага сапар тарткан. 1939-жылы экинчи Дүйнөлүк согуш башталып, ал каттоого туруп учканды үйрөнөт. Согушка барганда учагы кулап, башынан жаракат алат. Согуштан келгенден кийин Хиросима апааты тууралуу роман жазат.

1950-жылдардын башында Даль Нью-Йорк шаарына барып "The New Yorker" гезитине чыгармалары жарыялана баштайт. 1951-жылы Голливуд жылдызы Патриция Нил менен таанышып, эки жылдан кийин үй-бүлө курушкан. Экөөнүн Оливия, Тесса, Тео, Офелия жана Люси аттуу балдары болгон. 30 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кетишкен. Үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу жазган "Пэт жана Роальд" чыгармасы "Патриция Нилдин тарыхы" деген тасманын жаралышына себеп болгон.

13-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: