super.kg logo

Султан Раевдин "Кара" романы Москвада "Евразия сыйлыгына" татыды

 

Жазуучу, драматург жана мамлекеттик ишмер Султан Раевдин "Кара" романы Евразия чыгармачыл уюму тарабынан Москва шаарында өткөн "Евразия сыйлыгы" V эл аралык сыйлык тапшыруу аземинде алтын медаль жана лауреаттык наам менен сыйланды. Анын жазуучулук жана котормочулук боюнча "Адабий Евразия" эл аралык форумуна катышкандыгы тууралуу "Кыргыздын жаңы адабияты" расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, сыйлык жыл сайын билим, искусство жана адабият боюнча 3 номинация менен берилет. Жеңүүчүлөргө алтын статуэтка, медаль жана сертификат тапшырылат.

Бул жылы эл аралык калыстар тобу Кыргыз мамлекетинин, Орусия, Англия, Индия, Непал, Украина, Азербайжан жана Казакстандын адабият жана маданият кызматкерлерин мыкты деп тапкан.

Адабият боюнча Султан Раевдин 2005-жылы Лондондо чыгарылган "Кара" аталышындагы китеби сыйлыкка татыктуу деп табылган. 2013-жылы аталган роман Кыргыз өлкөсүндө "Жылдын эң мыкты романы" деп аталган. Романдын кыргыз тилиндеги аталышы "Жанжаза".

Чыгарма бир нече чет тилдерине которулуп, Кембридж жана Лондон университеттеринде бет ачар аземдери өткөн. Бул жылы ал Сеулда корей жана Анкарада түрк тилинде басылып чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
14.09.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат тага сиздей эр жигиттер кооп болсо экен кудай кааласа Ч. Айтматовдой эле денгээлге жеттиниз бирок, толук кандуу эл антип тушунолек. Апам сиз менен сыймыктанат. Бут кыргыз эле сыймыктанат. Жанжазасы аябай сонун жазылган баарыныздарга сунуш этем. Кара орусчасын кайдан тапсак болот экен бир кемпир сурады эле русская
14.09.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ урматтуу окурмандар, бул чыгарманы каерден таап окуса болот билгендер болсо айтып коесуздарбы Рахмат!
kechirmeni түзөттү 2017-09-14 12:32:02
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: