super.kg logo

Боор оорусуна кабылган Кара-Суу районунун тургуну каражаттын жетишсиздигинен Индияда операция жасалбай калды

 

Көп жылдан бери альвеококкоз оорусу менен жабыркап келе жаткан Гүлзада Арынова Индияга барып каражаттын жетишсиздигинен операция болбой калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG'ге бейтаптын кызы Канзада Чырмашова билдирди.

"Апамдын бооруна операция жасатуу үчүн каражат чогултуп, 15 миң доллар менен Индияга барган элек. Бул жерде дарыгерлер текшерип көрүп, операция эмес боорду тез арада алмаштыруу керектигин айтышты. Ал үчүн дагы 20 миң доллар каражат жетпей калды. Эми акча чогултканы кайра мекенибизге жөнөп жатабыз. Жетиштүү каражат чогултсак бир тууган сиңдим боорун бермей болду", - деп билдирди Канзада Чырмашова.

Эске салсак, буга чейин Гүлзада Арынованын үй-бүлөсү каражаттын жоктугунан атайын эсеп ачып, жардам сурап коомчулукка кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: