Бишкек мэриясы 1-июнь- Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүн белгилөөгө 1 миллион 60 миң сом бөлдү
Бишкек шаардык мэриясы 1-июнда саат 10:00дө Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда социалдык колдоого муктаж, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарынын, окуунун мыктыларынын жана кароо-сынактардын, олимпиада жеңүүчүлөрүнүн катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрөт. 1-июнь - Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулап жаткан бул иш-чарага 1200 адам катышмакчы.
Аталган майрамды өткөрүүгө мэриясы 1 миллион 60 миң сом бөлдү. Концертке: Балдардын чыгармачылык борборлору, “Ак шоола” хор ансамбли жана балдардын “Таберик” музыкалык театры катышат. Филармониянын фоэсинде балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсү уюштурулат.
Иш-чаранын соңунда 1200 балага балдар жана кыздар үчүн энциклопедия, таттуу белектер, бал муздак тапшырылат.
Мындан тышкары 1-июнь күнү шаардын райондук администрациялары
майрамдык иш-чараларды уюштурушат. Иш-чаралар – Ата-Түрк, Панфилов,
Фучик, Каражыгач, Асанбай кичи районундагы сейил бактарда өткөрүлөт.
Биринчи Май райондук администрациясы Панфилов сейил багында саат 10:00дөн
15:00гө чейин майрамдык концерт, балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсүн,
асфальтка сүрөт тартуу кароо-сынактарын жана башка иш-чараларды өткөрөт.
Ата-Түрк сейил багында саат 10:00дөн 14:00гө чейин “Кыргызстан балдары”
балдар чыгармачылыгынын шаардык борбору майрамдык концерт, оюн
аттракциондорун, асфальтка сүрөт тартуу, көркөм окуу кароосун жана башка
оюн-зоокторду өткөрөт.
Каражыгач багында саат 10:00дөн 13:00гө чейин балдар
чыгармачылыгынын Свердлов райондук борбору майрамдык концерт, балдар
буюмдарынын жарманкесин, сүрөт тартуу кароо-сынагын, шахмат оюну боюнча
мелдештерди өткөрөт.
Асанбай кичи районундагы сейил бакта Октябрь райондук балдар чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Иш-чараларга активдүү катышкан жана кароо, мелдештердин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

