super.kg logo

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: "Ноокаттагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берилет"

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ноокат районунда бир үй-бүлөдө жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 адамга жардам берет. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз-Ата айылында бир үй-бүлөдө жашаган адамдардын майыптыгын текшерүү боюнча министрликтен Ноокат райондук медициналык жана социалдык экспертиза комиссиясына тапшырма берилди. Алар Каныбек Бегалиевдин үй-бүлөсү тийиштүү кызматтарга кайрылбагандыгын айтышты. Ошол эле учурда үй-бүлө башчысы Каныбек Бегалиевдин паспорту жок экендиги аныкталды. Социалдык коргоо башкармалыгы паспорт алууга жардам берет. Мындан сырткары алар кандай шартта жашай турганы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, майыптыгы боюнча документ алууга да жардам берет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз-Ата айылында Каныбек Бегалиевдин үй-бүлөсүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 адам жашаары, алар майыптыгын тастыктаган документ ала албай жатканы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: