Депутат: "142 миллион сом мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө кетип калды"

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчалар максатсыз пайдаланылганын айтты.
"2015-жылдан 2020-жылга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 500 миллион сом акча бөлүнгөн. Кечээ каржы министринин орун басары ушул жерден 142 миллион сом өздөштүрүлдү деп айтты. Ушул 142 миллион сом мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө эмес, өлтүрүүгө кетип калды. Ушул боюнча парламенттик комиссия түзүш керекпи, тармактык комитетке бериш керекпи. 142 миллиондун көбү Маданият жана Билим берүү министрликтерине, Илимдер академиясына кеткен. Кетирилген акчалардын баарына чет өлкөнүн китептери чыгарылып жатат. Ушул кантип мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошо алат. 142 миллион сомго кандай иштер аткарылды эч ким билбейт. Биз бул акчанын кайда кеткенин билбей туруп 200 миллион сомду карабашыбыз керек", - деди Момбеков.


Бизге ошол 142 миллион сомдун жумшалган сметасын алып берсенер?! Кайда жумшалды, эмнеге жумшалды, китеп басууга жумшалса эмне деген аталыштагы китеп канча нускада басылып чыкты ж.б....
Орто жолдо элди эле тоноп жатышат.Ушул зээн кейиткен корунушторго,кемчиликтерге тээтиги жогору жак туздон туз куноолуу.Анткени копчулук,жоопкерчиликтуу,майлуу суттуу жогорку кызматта жалан бийликтин арыгын чапкан,кошоматчы,сабатсыз адамда