Кубанычбек Кулматов: "Мени "эрке бала" деген туура эмес"
Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан Кубанычбек Кулматовдун 6 жылда кантип 6 кызматка которулгандыгынын сырын айтып берүүсүн сурады. Кулматов "бир гана иштеш керек" деп жооп берди.
"2004-жылы Бажы кызматында иштеп, киреше төрт миллиард сомго көбөйгөн. 2010-жылдан 2013-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасы болуп иштеп, кирешени эки эседен жети эсеге чейин көтөргөнбүз. Бир ай президентке кеңешчи, 7 ай губернатор болгом. Андан кийин Бишкек мэриясында, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунда жетекчи болуп натыйжалуу иштедим. Менин кызматтан которулушумдун себеби кыска убакытта жыйынтык чыгара иштей алганымда", - деди Кулматов.
Депутат Сулайманов ага төмөнкүдөй жооп берди. "Менин оюмча, эл баасын берсин, сиздин кайсы жерди кантип көтөргөнүңүздү көрүп жатабыз. Фонддун абалы кандай экенин, Бажы кызматынын абалы кандай экенин көрүп жатабыз. Сиздин "барган жеримен бир жылда жыйынтык чыгарып жатам" дегениңиз бир аз аша чапкандык", - деди депутат.

Кана Кулматов, озун айтчы, Бишкектин мэри болуп турганда эмне кылып кыйраттын?!!
Кыргыз-орус фондун жетектеп турганда кредиттердин канча проценти максаттуу берилген?!! Сен 15мин доллар маяна алгыдай ал атандын ишканасы беле?!!
Сен СДПКчы башка Атамбаевдин эрке балдарынын бири экенин калппы?!! Колунан бир иш келбейт, жеп-тоногондон башка!!!!