super.kg logo

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги: "Талкууга алынып жаткан ырчыларды сыйлыкка министрлик көрсөткөн эмес"

 

Акыркы учурда коомчулукта катуу талкууга алынган төрт ырчы сыйлыкка Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн эмес. Мындай маалыматты бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сыйлыктар бөлүмүнүн башчысы Муктасар Озубеков маалымат жыйынында билдирди.

Озубеков коомчулукта кайчы пикирди жараткан жаш ырчылардын Эмгек сиңирген артисти наамын алышына министрликтин алдындагы сыйлыктар боюнча коллегиянын да эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Коллегия карап жана бекиткен тизмеде талкуу болуп жаткан ырчылардын аты-жөнү болбогондугун коллегиянын мүчөсү, Кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмонов да тастыктады.

Озубековдун айтымында, сыйлыктар туурасында жаңы мыйзамга ылайык, азыркы тапта бардык мамлекеттик структуралар талапкерлерди наамга өз алдынча көргөзө алышат. Бирок ошол талапкерлерди Маданият министрлигинин алдындагы сыйлыктар боюнча коллегиясы карап, атайын документке коллегиянын кароосунан өттү деген кол коюлушу керек.

"Бул катталган факты жалгыз эмес, мурун да мындай көрүнүштөр болуп келген. Бирок президенттик аппараттын алдындагы мамлекеттик сыйлыктар комиссиясы коллегиянын кароосунан өтпөгөн талапкерлердин тизмесин кайра бизге жөнөтчү. Бул жолкусунда андай болгон эмес. Ырчылар сыйлыкка ким тарабынан көрсөтүлгөнү жөнүндө маалыматыбыз жок. Сыйлык кимге берилет, кимге берилбейт жогору жактагы комиссия чечет. Биздин милдет татыктуу талапкерлерди көрсөтүү", - деп билдирди Маданият министрлигинин сыйлыктар боюнча бөлүм башчысы.

Мындан сырткары атайын тийиштүү жерлерге бул факт тууралуу кат менен кайрыла тургандыктарын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, коллегия мүчөсү Анарбек Ибраевдин айтымында, мамлекеттик сыйлыктардын айланасында дайыма талкуулар, талаш-тартыштар болуп келген. "Эгерде коомчулук сыйлык алып жаткан адамды талкуулап жатса, демек, бир нерсе бар, сыйлык берген адамдардан мурда, ошол сыйлык алып жаткан адам өзү ошого татыктуубу, ошону ойлонуш керек. Наам, сыйлыктар татыктууларга өз убагында берилиши керек", - деди Ибраев.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланган. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон.

Жарлыкка ылайык, эстрада ырчылары Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага, Улуттук филармониянын алдындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун ырчысы Анапия Райымбековага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(42)
14.09.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Сыйлыкты эртенки шайлоого гонорар катары бердик сдпканы колдогула деп девейсинерби
14.09.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Булардын фамилиясы жок болсо анда "жен ичинен "алышыптырда коррупция айдан ачык корунуп турат кайтарып алгыла наамдарын элди нааразы кылбай
14.09.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Самарага караганда Гүлжигиттин ырлары жакшыраак Самара бир ырдын текстин жазбаса же обон жазбаса ага кантип наам берди түшүнбөйм. Аны жолдошунун арты менен колдоп наам берип койду буга 100% кепилдик берем
14.09.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баарин иштен айдагила ошондо таза иштей баштайт
14.09.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Анапия Райымбекова татыктуу.
14.09.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fatimka,туура
14.09.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
анда Ким куноолуу президенттин аппарат башчысы куноолуу болот.кат президенте келгенде аябай дыкат текшерилиш керек да.президент окуп олтурмак беле.ошончо кишинин тизмесин болгону колун койот.Алмазбек Шаршенович каттар м-н иштеген кызматкерине ишенет.ошолор президентти алдап кол койдурган бул.тизмеде бардыгы татыктуулар дешип.ошол убакта аппарат жетекчи Исаков эле да.ырчылар мага Хан берди деп уялбай олтурушат.Хан,Ажо эмес Президент деп айтылат конституция да.20-30 жылдап иштегендер албай калышты
14.09.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz06,Президенттик аппаратта атайын сыйлыктар бөлүмү бар, жетекчиси менен, алар комиссия түзүшөт, комиссиянын составында аппаратта иштегендер эмес, ар башка тармактын өкүлдөрү болот, мына ошолор келип түшкөн документтерди "дыкат" карап чыгышып, добуш берүү менен чечим кабыл алышат, тизмени беришет. "Иттин өлүгү" ошолордо жана бөлүм жетекчисинде десек болот. Белгилүү ставкасы бар экендиги мурдатан эле айтылып келет, сыйлыктарга мораторий жарыялоонун себеби да ошол болгон уч
14.09.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Самара уялбайсынбы,сенден чон канча эмгек синирген артистер журот.Сыйлык албай эле.
Кайран Элмира эжеке бир кагаз сыйлыгы жок отуп кетти дуйнодон.
Булбулум деп ырдаганда унуно ушунчалык суктанасын адам.
А Самара сенин кайсы ырынды эл унутпай эстей алат экен.уят уят ото уят сыйлык алганын.
14.09.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушундай туура эмес иштерди кылышып президентти уят кылышат.президент кол койду деп жазылат да.сыйлактарды Берген отделди жумуштан алып жазалаш керек экообуно Берген сыйлыкты кайтарыш керек кийинкилерге сабак болот.Жийдеш Идирисовага тош белги ыраа корбой койдунар башка олкодо кыргыздын желегин которую чыкты.
14.09.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyrgyz06, сенин Жийдешин эчкидей так секирип маанисиз эле бакырганын ыр деп тушунсон, мен андай бирине наам эмес сахнаны да ыраа корбойм... Ал ырдаган ырдын мааниси жок, ыр менен музыка бир-бирин толуктабайт, кыскасы эптемей данкылдак-дункулдок, ошого кошулуп эчкиге окшоп секирип бакырып окуруп койсо эле наам бериш керекпи?!! Эми бул нерсе туркторго жагып наам берсе бере бербейби?!!

Мен Идирисованын наам эмес, сахнага чыгышына каршымын!!!
14.09.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Гулжигит татыктуу, Самарадан алсын сыйлыкты кайра баш терисин сыйрып.
14.09.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Самара ким ал ошондой артист барбы ал эми Гулжигит Сатыбеков татыктуу ырлары да ото керемет
14.09.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол кагазды пешененерге чаптап алгыла. Мен эмес тиги, тиги эмес бул деп элди алдайсынар. Күйдүрдуңөр. Актана бергиле бул иштердин баарынын артында АША турат айтпасанар да тушунуктуу. Ким алса насип кылсын наамы.
Leilek-razzakov түзөттү 2017-09-14 17:07:50
14.09.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сыйлык,наам,конкурс деле,мамлекеттен ар тармакка болунгон акчалар деле баары эле чуулуу деги кандай кунго калдык баш аламан?Кылгылыкты кылып,алчусун алып эми отурушурат актанып.Ошол жуткунуп наам алган татыксыздар да,жакшылап текшерип,тандап ылайыктуусуна ыйгарбай,жен ичинен иш бутургон жогорудагылар да ар намысы жок уятсыздар экен.Казаков комиссия мучолору куноолуу десе,Садыкова министр эмнени карап кол койду ошол куноолуу деп бирине бири шылтап жаткан кездери.
14.09.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Анжеликага берсе болбойбу кичинесин бери сахнада журот Самарага бергиче Анжеликага берсин
14.09.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самара Нурайым Азыкбаева да татыксыз да.
14.09.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Samaranyn yryn klipin dele kyzygyp ukkan emesmin, bugun oturup internetten Sanjyra radiosunda selkinchek degen beruudo yrdaganyn kordum go janduu yrdaganda ech ele unu jok eken,a klipte bolso albette fonogramma,uyalbai anan naamdy alat.
Anapiya eje go alysh kerek naamdy,Guljigit Satybekovdun yrlary jagat maga misaly el da suiup ugat menin ouymcha, Nuraiym Azykbaeva go konkustarda katywyp jurot muzykalyk bilimi bar. byltyr naam algan Mirbek Atabekov Guljigit Kalykov kaida ,naam alyp le jok
14.09.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Anarbek agai aityp otkondoi syilyk alyp atkanda je dokumenntin otkozup atkanda oilonso bolmok tatyktuumunbu dep , kyskasy soz jok ,
14.09.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин озумдун жеке тушунугумдо, татыктуу ырчыны жогору жактагы комиссия (алар ошо комиссия болуп турганы учун айлык алып жан багып жатышкандыр) эмгеги синип калды деп, документтеринди даярда деп алакандай кагаз жонотушсо кк. Ырчы ошондо гана документтерин чогултса кк. Бул жерде оздору документ чогултуп тапшырып коюп бир жыл мурун, анан жен ичинде суйлошуулорду жургузушуп, сыйлык кандай жол мн келип калганы айдан ачык эле корунуп турат. Чыныгы татыктуу адамга эл мынчалык сын такпайт.....
14.09.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул саптан мен бир гана Анапия эжекени татыктуу алды деп ойлойм. А калганы, чындыгында, ыр деп эле ырдап жургондор го. А Самара, дагы кеминде он жыл эмгектениш кк болчу. Азыкбаеваны биринчи жолу угуп жатышым. Сыйлыгынар кут болсун канткен чакта да.
14.09.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулжигит татыктуу а Самарага соз жок сатып алган.
14.09.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жийдеш,Атай,Кайрат,Тумар бийчилер тобу,Руслан Акун,Алмазбек Раимкулов ж.б.канчалаган Кыргызды таанытышкан инсандарга бир жакшыраак мактоо баракчасын ыраа корушпойт го кункарамалар.Эми биз билбейбиз деп жандарын жеп жатышат тообо,тообо.Анда эмне Самаш,Тико,чоорчунун кызы вообще незаконный алышкан болуп калабы?Каша болуп кетти го быягы.Тойпуруштар наамдарды кайтарышаттыр эми айла жок ачкенедей жабышышпай.Андан коро Самаш срочный дагы 3 перзент туугун,баатыр энени аласын.Мына ошол наам точно жараша
Nazaroff1974 түзөттү 2017-09-14 18:47:51
14.09.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогоруда аты аталгандар мыкты дебейм,коммерческий проекттер,эмгек синиришке жетишишкен эмес.Мага деле эч кимисинин онорлору жакпайт.А бирок тиги эмнеси сингендерге караганда чет жакка чыгышып аз да болсо Кыргыз деген улутту,олкону таанытышпадыбы туурабы?Жок дегенде маладессин деген мактоо баракча берип коюшса болмок.Колунда токочу бар бала суйгунчуктуу кылышып,жен ичинен бутурушуп,эми бири-бирин чукуша башташты жеп ичерлер.Аябай уят болушпаса эле чукушуп жатып.
Nazaroff1974 түзөттү 2017-09-14 19:08:27
14.09.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда ким куноолуу.Бизде бир келин иштейт мамжумушта Самарадан уну укмуш.Маданият министрлиги корсотпосо биз коргозолу наам бергиле.Же бир областын Маданият уйунун директоруна 2аял кылып анан Казаков деген агайга туз алып барайлыбы.Эми олбодубу силер корсотпосонор жок дегенде аягына чейин бир карап койот да.Бир жагы тушунуш керек, жакында шайлоо Туголбай агайга да кыйын давления деген бар.
14.09.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми актанып бирине бири туртуп кунолоп атабы Самарадан Нурайымдан алып салгыла сыйлыкты ырлары деле жлк
14.09.2017. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А Анапия эже татыктуу алды.А чоорчунун кызы Нурайым Азыкбаеваны адашып жазып коюшкан окшойт,себеби ал вообще моралдык турдо,закондуу турдо бул наамды алганга акысы жок,мумкун эмес.Ал кечээ эле шоу чойрого кошулуп,анда-санда эле кыягын кынгыратып жургон кыз да.Кыз дебедимби кокуй...Эгер чындап беришсе,анда наам бергендер да тугонуп буткондор экен.Эй ушуларга бир Озбекстандагыдай тескоо же текшеруу,цензура деген жокпу.Де ал жакта жалан эле ........отурушабы ыя.Жазбайын дейсин,жанын кашаят кысталак
Nazaroff1974 түзөттү 2017-09-14 19:06:14
14.09.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Самара мн Нурайымдын эмгеги кантип сиңди экен .Гүлжигитке деле маданияттын мыкты кызматкерин берип турушса болмок.Самара алты күн концерт койсоң чөнтөгүң үчүн койгонсун ,түшкөн акчаны мамлекетке берсең да ошентип догурунсаң жарашат эле.Ашар концерт коюп өзүңү эмгек сиңирген көрсөтпө.20жыл сахнада жүргөн Кайып кызы наам албай өтүп кетти сага наамга балээ барбы?Мен билгенден Абдылда Иманкуловто наам жок ал атаң мн тең болсо кк.Нурайым кыягы үчүн эле наам алып калдыбы ошондон.Кыззззыыыыык акча акча
14.09.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Самара Каримова бул кочо ырчысы,тойлорго акча учун чыгып аркимдин даяр ырларын ырдап жургон озун ырчымын деп элестетип кыялданган адам. Эл айтса демек эл калп айтпайт эл нааразы болсо чыйылдаган унун бир тыйын. Озуг ошол денгеелге татыктуумунбу деп ойлонмок эгер акылдуу адам болсо. Наамды кайра артка кайтарып алса дурус болмок. Уят эле.
14.09.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самара бироосуно Оштогу саунасынан ооз тийгизип койсо керек!
14.09.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатыбеков Гулжигит ырларын озу жазат.Каримова Самара анын бирда жазган ыры жок болсо керек.Каримова Самара бул алган сыйлыгына татыксыз уят эле.
14.09.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эшекке норка тумак кийгизип койсон деле баары бир эшек
15.09.2017. 07:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча элди нараазы кылып алган сыйлыгынарга уят эле элди кантип карап аралып журосунор
15.09.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчан болсо танкасын деген ошол..Абдылда Иманкуловдун айтканы бар наам учун 2 мин доллар сурашты менде андай акча болгон кундо да сатып албайт элем,Эл берсин наамды деген созу туура..Самарага сатып берди да саунанын акчасын кайда чачат куйоосу анан?? Уят Эле бул жагы..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: