super.kg logo

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги: "Талкууга алынып жаткан ырчыларды сыйлыкка министрлик көрсөткөн эмес"

 

Акыркы учурда коомчулукта катуу талкууга алынган төрт ырчы сыйлыкка Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн эмес. Мындай маалыматты бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сыйлыктар бөлүмүнүн башчысы Муктасар Озубеков маалымат жыйынында билдирди.

Озубеков коомчулукта кайчы пикирди жараткан жаш ырчылардын Эмгек сиңирген артисти наамын алышына министрликтин алдындагы сыйлыктар боюнча коллегиянын да эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Коллегия карап жана бекиткен тизмеде талкуу болуп жаткан ырчылардын аты-жөнү болбогондугун коллегиянын мүчөсү, Кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмонов да тастыктады.

Озубековдун айтымында, сыйлыктар туурасында жаңы мыйзамга ылайык, азыркы тапта бардык мамлекеттик структуралар талапкерлерди наамга өз алдынча көргөзө алышат. Бирок ошол талапкерлерди Маданият министрлигинин алдындагы сыйлыктар боюнча коллегиясы карап, атайын документке коллегиянын кароосунан өттү деген кол коюлушу керек.

"Бул катталган факты жалгыз эмес, мурун да мындай көрүнүштөр болуп келген. Бирок президенттик аппараттын алдындагы мамлекеттик сыйлыктар комиссиясы коллегиянын кароосунан өтпөгөн талапкерлердин тизмесин кайра бизге жөнөтчү. Бул жолкусунда андай болгон эмес. Ырчылар сыйлыкка ким тарабынан көрсөтүлгөнү жөнүндө маалыматыбыз жок. Сыйлык кимге берилет, кимге берилбейт жогору жактагы комиссия чечет. Биздин милдет татыктуу талапкерлерди көрсөтүү", - деп билдирди Маданият министрлигинин сыйлыктар боюнча бөлүм башчысы.

Мындан сырткары атайын тийиштүү жерлерге бул факт тууралуу кат менен кайрыла тургандыктарын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, коллегия мүчөсү Анарбек Ибраевдин айтымында, мамлекеттик сыйлыктардын айланасында дайыма талкуулар, талаш-тартыштар болуп келген. "Эгерде коомчулук сыйлык алып жаткан адамды талкуулап жатса, демек, бир нерсе бар, сыйлык берген адамдардан мурда, ошол сыйлык алып жаткан адам өзү ошого татыктуубу, ошону ойлонуш керек. Наам, сыйлыктар татыктууларга өз убагында берилиши керек", - деди Ибраев.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланган. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон.

Жарлыкка ылайык, эстрада ырчылары Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага, Улуттук филармониянын алдындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун ырчысы Анапия Райымбековага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(42)
14.09.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Самара иштедим мен татыктуу дейт чаңкилдап ар кимдин ырын бузгандан башка иши жок!
14.09.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
General.kg,ииии Самара шерменде эле болгон турбайсыңбы...дагы уялбай мага беришсе мен наамдан отказ кылбайм деп коет.Ыр жазбасаң,обон чыгарбасаң 20жыл иштеп кызмат кылбасаң..чыйылдап казактын ырын которо коюп же аткарылып бүтүп калган ырларды ырдай берсең кайра кайра кайталап 4жыл,элди тажатып зордуктап билет сатып драмды эч кимге бербей бир ай ырдасаң эле эмгегиң сиңип калдыбы... ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-14 15:18:17
14.09.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эми соз жок актанганда эмне
14.09.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Гулжигиттин баардык ыры "базар" ырлары.Эптеп септеп кайрык кураштырып дегендей.уксам тузу жок тамак жегендей боло берем.
14.09.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Emilzima, Анда озунду озун кыйнап укпай эле кой да.
14.09.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Emilzima,Гулжигиттин ырлары жакпаса анда сага базардын ызы чуусун угуп журо бергенин жакшы.
14.09.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Самара озун озу корсотуптурда анда
14.09.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Силер корсотпосонор анда Пушкин корсотуптур да
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: