super.kg logo
  Саясат  

"Өнүгүү-Прогресстин" штабы "Төрөбаев спикерлик кызмат үчүн Жээнбековду колдойт" деген маалыматты төгүндөдү

 

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын штабы партия лидери Бакыт Төрөбаевдин президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен соодалашканын төгүндөдү.

Штабдан SUPER.KG порталына билдиришкендей, "Төрөбаев спикерлик кызмат үчүн Жээнбековду колдойт" деген маалымат чындыкка туура келбейт.

Айта кетсек, буга чейин "Ата Журт" партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов "Кайра жаралуу" партиясынын өмүрү кыска болгонуна, курултайы болбой калганына Бакыт Төрөбаев өзү күнөөлүү экенин айткан.

"Партиянын "Кайра жаралуу" деген аталышын Төрөбаев башкалар менен кеңешпей өзү тандаган. Партиянын курултайын өткөрүү күнүн да ал өзү белгилеген. Ошондуктан партиянын жашабай жатып жайраганынын себеби - өзүн лидер эсептеп, кыйын болуп, элди тоготпогон, амбициясынын жетегинде калган Төрөбаевде. Ал Жээнбеков менен соодалашып, бир гана шартта, эгер спикерликти берсе колдойм дегени жашыруун эмес. Азыркыга чейин эле ошол талабы менен жүрөт", - деген "Ата Журттун" өкүлү.

Буга чейин Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Бакыт Төрөбаев биригип, президенттик шайлоого жалгыз талапкер чыгара турганын жарыялаган эле. Бирок 11-сентябрда Төрөбаев шайлоого бирдиктүү талапкер чыгаруу планы ишке ашпай калганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: