Ош шаарында 2 жаштагы баланы туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен Орусияга алып кетүүгө аракет кылган аял кармалды
Ошто 2 жаштагы баланы туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен Орусияга алып кетүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Ош-аэропорт" көзөмөл-өткөрүү жайында Ош-Москва каттамындагы №965-рейсти каттоо учурунда 1980-жылы туулган И.С. аттуу Кыргыз жараны кармалган.
"Ал 2 жаштагы баланы туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк менен өлкөдөн сыртка алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Анын айтымында, баланын атасы өлкөдөн чыгарууга уруксат бербегендиктен жасалма документ колдонгон. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, кармалган аял УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Тан каласын адамдарга тооба.Кандай коркушпайт экен десенер