super.kg logo

Садыр Жапаровдун жубайы: "Соттор жолдошум менен жолугууга 1 жарым айдан бери уруксат бербей жатат"

 

Бишкек шаардык соту Садыр Жапаров менен жубайынын жолугушуусуна уруксат бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирди.

"Буга чейин Садыр Жапаровдун иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатканда райондук сот жолугушууга уруксат бербей келген. Акыркы жолу июль айынын аягында жолдошума жолугуп абалын сурап, үй-бүлө, балдарыбыз жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Август, сентябрь айында арыз жазып жактоочу менен биргеликте сотко кайрылгам, бирок жолугууга таптакыр уруксат бербей коюшту. Эми Бишкек шаардык соту да эч негизсиз уруксат бербей жатат. Негизи бир айда эки жолу жолугууга мыйзам жол берет", - деп билдирди Айгүл Асанбаева.

Белгилүү болгондой, Жазык аткаруу кодексинин 61-беренесинин негизинде соттолгон жаран менен жакын тууганы жолугууга уруксат берилет. (Туугандары же башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусу менен берилет. Жубайы же жакын туугандары (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асыранды балдар, уялаш ага-ини жана эже-сиңди, чоң ата, чоң эне, неберелер) бирге жашоо укугу менен, ошондой эле алардын чөйрөсү түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен аныкталуучу башка адамдар менен жолугушууларга уруксат берилет).

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров учурда Бишкек шаарындагы №1-СИЗОдо кармалууда.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.09.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Свиданка жок жаман эле да.
14.09.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул саясий куугунтукка алынып , жалган жалаа менен соттолгондорду чыгара турган президент келсе экен.
Бакыт Төрөбаев депутаттардын санын азайтам дегени жакты. Ошону колдойт окшойм,өтпөсө да.
14.09.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rifle_I,бычакка сап боло турган талапкер жок
17.09.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саруунун элин башаламандыка турткону учун камаганы туура, бирок свидание кылдырып коюшса болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: