Саламаттык сактоо департаменти Бишкектеги колдоого муктаж балдарды акысыз медициналык кароодон өткөрөт
Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаменти 1-июнь - Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнүн алкагында, шаардагы жашоо-турмушу начар, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөдөгү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган балдарга медициналык жардам көрсөтүү багытында комплекстүү иш-чараларды баштады.
"Азырыкы учурда социалдык колдоого муктаж болгон балдардын ден соолугу тынчсызданууларды туудурууда. Аталган категориядагы балдар кургак учук, инфекциялык жугуштуу оорулар боюнча адис-дарыгерлердин кароосунан өтүшөт. Оорулуу балдар диспансердик каттоого алынып, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дарыланышат жана дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат",- деп билдирет мэрия.
Мындан тышкары медициналык кароолор кароосуз калган балдардын баш калкалоо борборлорунда да уюштурулат. Аталган иш-чаралар Бишкек шаардык мэриясы, райондук
администрациялар, укук коргоо органдары менен биргеликте үстүбүздөгү
жылдын 1-июнуна чейин өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

