Жогорку Кеңеште 19 эле депутат калгандыктан "Кумтөр" маселеси каралбай калды



Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештеги жыйындар залында "Кумтөр" маселесин 19 депутат карап жатат. Муну "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев байкап, депутаттар келген соң маселени талкуулоону сунуштады.
"Азыр өкмөт башчы дагы жок. Бул жерде залда 70 депутат катталганы менен, болгону 19 депутат отурат. "Кумтөр" деген аябай маанилүү маселени бүгүн караганыбыз туура эмес болчудай болуп турат. Маалыматын уктук. Ошондуктан бул маселени башка күнгө калтырып, депутаттар келсин, өкмөт башчы да келсин, анан карайлы. Өкмөт башчы маалыматты комитетке бериптир, эмнеге палатага келбейт? Маселени кароону башка күнгө жылдыруу боюнча сунуш кылам", - деди Зулушев.
Депутаттар маселени добушка коюп, көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен "Кумтөр" маселесин кароо башка күнгө калтырылды.

Анан ишине каалаган убакта келип каалаган убагында кетип Жогорку Кенеш эшек жайлоого айланган... Кааласа 19 депутат келип, 70 депутат каттоодон отот!!! Ушундай депутаттар болгону учун да олко онукпойт!!!