super.kg logo
  Саясат  

Д.Асанов атындагы аскердик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн Акыркы коңгуроосу жаңырды

 
Д.Асановдун эстелиги
Эстеликке гүл коюлууда
Катарга тизилген бүтүрүүчүлөр
Бүтүрүүчүлөр мугалимдерин салтанаттуу түрдө тосуп алышты
Иш-чара оркестрдин коштоосунда өттү
Аскерлерге лицейдин башчысынын биринчи орун басары Урустам Чайбеков команда берүүдө
Лицейдин туусу алынып келинүүдө
Тууну 3-курстун курсанттары 2-курска тапшырууда
Мамлекеттик гимн жаңырып жаткен кезде
Лицейдин башчысы Дамир Өзбеков куттуктоо сөзүн айтты
Д.Асановдун жубайы Жамал апа да куттуктоо айтты
Лицейдин башчысынын биринчи орун басары Урустам Чайбековго полковник наамы ыйгарылды
Бүтүрүүчүлөр мугалимдерине гүл тапшырып жакан кези
Салтанаттын алкагында бүтүрүүчүлөр “лицейдин 27-бүтүрүүчүсү - 2-рота” деген жазуусу бар шарларды асманга учурушту
2-курстун курсанттары

Бүгүн, 25-майда Бишкектеги Д.Асанов атындагы аскердик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн Акыркы коңгуроосу жаңырды. Бул лицейде быйыл 27 бүтүрүүчү бар. Иш-чара алгач Акыркы коңгуроого арналган чакан митинг менен башталып, анда Дайыр Асановдун эстелигине гүл коюлду. Иш-чара салтанаттуу түрдө ачылгандан соң лицейдин башчысы Дамир Өзбеков сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөгө каалоо-тилегин айтты. Андан соң Д.Асановдун жубайы Жамал апа сөз сүйлөп “Силерди дүйнөгө алып келген ата-энеңерге чоң рахмат! Эми лицейиңердин атын өчүрбөй, кыргыз эленин керегине жараган жигиттерден болгула”,- деп батасын берди. 

 

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Коргоо министрлигине караштуу аскердик даярдоо окуу бөлүмүнүн башчысы Мирбек Казымбеков министрдин буйругу менен лицейдин башчысынын биринчи орун басары Урустам Чайбековго полковник наамын ыйгарды. Салтанаттын алкагында “лицейдин 27-бүтүрүүчүсү - 2-рота” деген жазуусу бар шарларды асманга учурушту. Бүтүрүү кечесине арналган концерт башталып, анда 3-курстун студенттери куралсыз мушташуу боюнча өз өнөрлөрүн ата-энелери, мугалимдер жана башкаларга көрсөтүштү.  

 

Майрам бүтүрүүчүлөрдүн ыр-бийи менен коштолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: