super.kg logo

Садыр Жапаровдун сотунда жабырлануучу Эмилбек Каптагаев экинчи жолу сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

 

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз каралып, соттук отурум өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүнө жабырлануучу Эмилбек Каптагаев катышып, төрагалык кылуучу ишти кароодон баш тартуу боюнча экинчи жолу жазуу жүзүндө өтүнүч келтирди.

Каптагаев: "Сот Жаңыл Мамбеталы ишти кароодо аброюма жана ар намысыма шек келтире турган сөздөрдү айтты. Ошондой эле ал мыйзам талаптарын одоно бузуп, каралып жаткан иштин жыйынтыгы боюнча өз оюн алдын ала ачык айтып койду. Мындан ары төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталы ишти кароого юридикалык, моралдык укугу жок", - деп билдирди ал.

Келтирилген өтүнүч канааттандыруусуз калтырылды.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
14.09.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХ экенсинер жабырлануучу озо ишенбоочулук корсотсо ээ ХХХХ ашанын иттери акыйкат чындык барбы ыйман деген унутуп бетон болуптурго бетинер
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-14 16:17:15
14.09.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
kalpak.kg92, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
14.09.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгерде которулуш болгондо досторумдун баарын чогултуп созсуз алдынкы катарда катышмакмын не деген бийлик болду бул. Дагы ким чыкмак митинг болсо?
14.09.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beks0207,митингти самабай жон жатчы.кудай буйурса кетет бийлик Садыр Жапаров чыгат
Farhad.baku түзөттү 2017-09-14 16:42:34
15.09.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Farhad.baku,Сен ванганын небере чоборосунон окшойсун билгендей айтасында бийлик аша аканын колунда болуп атса соке брат шайлоодон созсуз отот анан кантип чыгат
14.09.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бийлик ото начар болуп жатат...бийликти бул жакта баары жаман корот...
14.09.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен чыгам
15.09.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жур эртен чыгабыз анан биздида соттойт анан бизда сонку кабарда популярный болобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: