super.kg logo

О! жаңы терминалдары аркылуу комиссиясыз балансты толуктаңыз

 

О! мобилдик оператору өлкөнүн бардык облустарында комиссиясыз байланыш кызматтарына төлөмдү кабыл алуу үчүн кошумча терминалдарды масштабдуу орнотууну баштады. Ачык түстөгү фирмалык терминалдарды мадженттик түстөн жана «О! балансын толтурууда комиссия 0 сом!» жазуусунан оңой тапса болот.

Эң негизги ыңгайлуулук - өлкөнүн ири шаарларында да айыл жергесинде да эң жеткиликтүү жерлерге орнотулгандыгы менен айырмаланат: Бишкекте ири супермаркеттер - "Globus", "Боорсок", "Народный" жана башка соода түйүндөрүнө орнотулган.

Төлөм терминалдарынын саны күн сайын көбөйүүдө. Терминалдарда ар түрдүү көнүмүш төлөмдөрдү ишке ашырса болот, ошондой эле интернетке кошулуу кызматтарына акы төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.

«Биз О! абоненттерине байланыш ыңгайлуу болуш үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоодобуз. Ошондуктан азыркы күндө жетишкен ийгиликтер менен токтоп калбай, мындан аркы ишибизди дагы биздин абоненттер менен дайыма көбүрөөк бирге болуу максатында улантуудабыз", - дейт О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

"Кылган иш-аракетибиздин үзүрүн сиз да көрө аласыз: бир гана О! мобилдик операторунда өлкө боюнча фирмалык кеңселердин ири тармагы бар, биз Кыргыз мамлекетинин ар бир шаарында жана айылында колдонулуудабыз, жергиликтүү аймактарда ар бир абонент келип балансын комиссиясыз толуктай алат же жөн гана кеңеш ала алат”, - дейт ал.

Мындан тышкары О! байланыш кызматтарына балансты толтурууну тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз ишке ашырууга мүмкүн:

* О! сатуу жана тейлөө кеңселеринин ири тармактары (бүтүндөй өлкө боюнча 70тен ашык);

* "Народный" супермаркеттеринде жана өлкө боюнча ири соода түйүндөрүндө (125тен ашык) жайгашкан "Оптима Банк" ААКсынын терминалдар тармагы аркылуу;

* Фирмалык кийим аркылуу таанууга мүмкүн болгон промоутерлерде;

* "Бишкек Почтамт" МИ филиалдарында (Бишкек шаары боюнча 80ден ашык);

* Бүтүндөй өлкө боюнча O!Store фирмалык дүкөндөрүндө.

Балансты акысыз толуктоо менен бардык түйүндөрдүн даректерин компаниянын расмий сайты www.o.kg билүүгө болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
14.09.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы екен
15.09.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атбашыга 4G качан коюлат ?
15.09.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_I,
Кутмандуу күнүңуз менен. Нарын аймагынын Ат-Башы айылында О! мобилдик операторунан 4G тармагы жеткиликтүү.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: