super.kg logo

Өмүрбек Текебаев Абдрахманов менен Модиндин көрсөтмөлөрүндө айырма бар экенин айтты

 

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Абдрахманов көрсөтмө бергенде жана Модин менен беттештирүү учурунда тартылган видео көрсөтүлдү.

Видеону көрүп жатып токтотууну суранган Текебаев беттештирүү туура эмес жүргүзүлгөнүн жана Абдрахманов менен Модиндин көрсөтмөлөрүндө айырма бар экенин айтты.

“Беттештирүү жүргүзүлгөндө бирдей курактагы адамдар гана эмес, бирдей социалдык деңгээлдеги адамдарды көрсөтүүсү керек. Ал эми Модинди таануу үчүн Абдырахмановду киргизгенде ким болбосун ачык эле Модинди тааныгыдай мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Андан сырткары Модиндин сүрөттөрү интернетте жайнап жүрдү. Ошондой эле Абдрахманов видеодогу көрсөтмөсүндө Текебаевдин иш бөлмөсүндө “Мегафон” тууралуу деп жатат, ал орусиялык такыр башка компания. Дагы бир учур Модин көрсөтмөсүндө "УКМКдан сурак берип чыгып баратып Абдрахманов менен көрүшкөм, ал мени таанып биз учурашканбыз" деп жатат. Демек, алар ага чейин эле жолугушкан же УКМК атайын жолугушуу уюштурушкан”, - деди Текебаев.

Андан сырткары жактоочусу "Модин менен Абдрахмановду беттештирүү болгонго чейин эле Модиндин сүрөттөрү телеканалдардан улам көрсөтүлүп жатты. Аны Абдрахманов эле эмес, бүт Кыргыз эли таанып калган” деген пикирин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: