super.kg logo

Сотто Садыр Жапаров акыркы сөзүн айтуудан баш тартты

 

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаардык сотунда төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталы Садыр Жапаровго акыркы сөзүн айтууну сунуштады.

Отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаров акыркы сөзүн айтуудан баш тартты.

"Мен азыр акыркы сөздү айтууга даяр эмесмин. Бир тарабы башым ооруп, өзүмдү жаман сезип турам. Эртең даярданып келип айтамын", - деп билдирди Жапаров.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Садыр Жапаровдун бир дагы күнөөсү далилденген жок. Прокурор эч кандай жүйө келтире алган жок. Мына азыр Жапаровдун ак экендигин, анын күнөөсү прокурор тарабынан далилденбегендигин аудиого жазып жатышат. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык түйүндөр аркылуу тараткыла, бүтүндөй кыргыз эли уксун", - деди ал.

Соттук отурум эртең саат 11:00гө жылдырылды.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
14.09.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ак адамды акташ керек.сотторду билип туруп туура эмес чечим чыгарганы учун берилген срокту оздоруно бриш керек.
14.09.2017. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
АШАнын сөзү далил жана буйрук. Азырынча ак адамды да соттоп кое беришет. Президент алмашканда оңолушу мүмкүн .
14.09.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аллахым Садыр Жапаровтун жузун жер каратпагын.уйбулосуно сабырдуулук бергин.
14.09.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nurmat8921,туура айтасың тёска братан
14.09.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул кылганы болбойтда эми чыган жаш жигиттерди камашып кыраткансып
14.09.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыргыз эли учун куйгон инсан. Кайран заман аттин
14.09.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Садыр Жапаров ак экенин баары билет!!! Жээнбеков ким, Жапаров ким?!! Мына 5-каналда Жээнбековду ай-кунго тенеп мактап жатышат! Жээнбеков жакшы экени ырас болсо кулаган самолеттогу жуктун ээсин атамак да Окмотту жетектеп турган сон!!! Соттор Жапаровду адилетсиз камаганын коро туруп "мен сотторго ишенем" дейт! Ушундай арамза адамды бийликтин телеканалдары мактап отурат. Ал эми бул жакта эл учун чындап жан куйдургон инсан кордук коруудо?!! Акыйкаттык кайда?!!
14.09.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эх Садыке. колумдан келсе сизди 5 секундада чыгарып.6чы секундада азыркы бийликти темир торго тыгат элем.аттин колумдан келбейт.
14.09.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин аша турганда акыйкат жок сот куурчак болуп жатат.С.Жапаров ак екенин баарыбыз билебиз...
15.09.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
жапаров каркыраны казактарга сатты беле
15.09.2017. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садыке кайраттаныңыз,күчтөнүңүз,сынбаңыз сиз жасачу иштердин баары алдыда жашсыз сиздин ак экениңизди бүткүл кыргыз эли билет.Сиздей мекенчил,ак ниет,баатыр инсан бар экенине мен абдан сыймактанам. Сиз тарыхта каласыз эч ким унутпайт сизди. Темир тордун артында жатсаңыз да жүзүңүз жарык кыргыз элине. АЛЛАХЫМ өзү жар болсун сизге!Алга Жапаров алга,артка жол жок!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: