Юракадемия мугалими Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркуткан аудио интернетке тарады

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын мугалими КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркуткан аудио интернетке тарады.
Ал аудиожазуудан былтыр башка талапкерге добуш берген 4 студент аныкталып, алардын окуудан айдалганы жатканын, ошондой эле студенттерден кимге добуш бергени жатышканын такып сурап Өмүрбек Бабановго ("Республика-Ата Журт") добуш берем деген студентти бөлмөдөн чыгарып салганын угууга болот.
Айта кетсек, бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова бул окуя тууралуу айткан.
Жээнбековго каршы студентке "чык эшикке" дешти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
-7

Кыскасы Атамбаев элди кучко салып добуш бердирет корунот, шайлоо жыйынтыгын бурмалап келген
шайлоого катышасынар дегенди жаза коем деп
эскертуу алдым.