Юракадемия мугалими Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркуткан аудио интернетке тарады

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын мугалими КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркуткан аудио интернетке тарады.
Ал аудиожазуудан былтыр башка талапкерге добуш берген 4 студент аныкталып, алардын окуудан айдалганы жатканын, ошондой эле студенттерден кимге добуш бергени жатышканын такып сурап Өмүрбек Бабановго ("Республика-Ата Журт") добуш берем деген студентти бөлмөдөн чыгарып салганын угууга болот.
Айта кетсек, бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова бул окуя тууралуу айткан.
Жээнбековго каршы студентке "чык эшикке" дешти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
-7

Жакында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келип, эки өлкө ортосунда бир нече келишимдерге кол коюлду. Жыйынтыгында “Мен президенттин мураскери шайлоодо утуп чыгышын каалайт элем” деп айтты. Муну менен ал Кыргызстандагы өзбектерди “Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле” деген ишаарат кылды. Ал кеткенден кийин “ватсап” кызматы аркылуу өзбектер “Сооронбай Шариповичти колдогула” деген аудио-жазууларды та
Анда эмне кереги бар президент болуп
Шайлоо алдында эле интернет баракчаларын ачсан Соокенер хит, талкуу болуп жаткан болот. Кечээ жашынып эле жаткан эле.
Ал эми бул мугалимди тезинен иштен алыш керек да бир да мам.мекемеге кишке албайтурган кылыш керек!
Бийлик бул жолго барса аягы жакшы бутпойт... Атамбаев, Жээнбеков, шашпагыла, жооп берчу кунунор жакын!!!