super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-СЕНТЯБРЬ: 2011-жылы коомдук ишмер, журналист Мелис Эшимканов 48 жашында дүйнөдөн кайткан

 

Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 15-сентябрь күнү коомдук-саясий ишмер, журналист Мелис Эшимканов мезгилсиз дүйнө салган. Ал 1962-жылы 9-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулуп, борбор калаада чоңойгон. Жаштайынан Кыргыз үналгысындагы берүүлөрдү даярдоого катышып, балдар гезитине макалалары жарыяланып турган. 1985-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Анын саясий ишмердүүлүгү 1990-жылдары Кыргыз демократиялык кыймылына мүчө болгондон тартып башталган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон.

Эшимканов кыргыз журналистикасы үчүн жаңы чыйыр издеген, өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин түптөөчүлөрүнүн бири катары белгилүү. Ал гезиттер аркылуу өзүнүн чыгаан редактор, медиаменеджер экендигин далилдей алган жана кыргыз журналистикасында өз мектебин түзгөн. Мындан тышкары эмгек жолунда өзүнүн саясий карьерасын да калыптандырып, эгемендүүлүктүн жылдарындагы жаңы Кыргыз мамлекетинин калыптанышындагы бардык саясий окуялардын сап башында жүргөн.

Мелис Эшимканов журналисттик эмгек жолун Кыргыз теле жана радио боюнча Мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган. 1990-1991-жылдары Кыргыз комсомолунун борбордук комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн инструктору кызматында иштеп, 1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин (мурдагы “Ленинчил жаш” гезитинин) редактору болуп дайындалган.

Кийинчерээк ал гезитти менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп, бул эркин гезитти 1992-жылдан 2001-жылдардын башына чейин башкы редактор катары жетектеген. Эшимкановдун “Асаба” гезити 2001-жылы бийликтин басымында калып, ал гезитти Аскар Акаевдин режимине тарттырып жиберген. Бийликтин мындай кысымы Эшимкановдун калемин сындырып, демин өчүрө алган эмес. Ошол эле 2001-жылы “Агым” деп аталган жаңы эркин гезитти ачып, 2001-2005-жылдары "Агым" гезитине башкы редакторлук кылган. Бул гезит Акаевдик бийликтин кулашында оппозициячыл күчтөр үчүн эбегейсиз күч болуп берген. Ал 2005-жылы Акаевдик бийлик кулагандан кийин апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын ноябрына чейин УТРКнын (азыркы КТРКнын) башкы директору болуп иштеген. 2009-жылдын 6-ноябрында Мелис Эшимканов ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев көзөмөлдөгөн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке караштуу Кыргыздын өнүгүү корунун байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, экинчи элдик ыңкылапка чейин ушул кызматты аркалаган.

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан соң Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик расмий жоюлган. Андан кийинки учурда Мелис Эшимканов бир канча ай бою саясаттан оолак жүргөн. Айрым маалыматтарда Мелис Эшимканов “Баягы Асаба” гезитин ачууга аракет кылгандыгы айтылат. Бирок маркумдун бул максаты орундалбай калган.

Мелис Эшимканов 48 жаш курагында Бишкек шаарындагы жеке менчик ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

15-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.09.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун ушул мырзада бир убакта президенттике койду эле Атамбаев жамгырда жудоп калган экен ээ ))
15.09.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША да зонтигин бироого которуп коюптурго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: