ЖЫЛНААМА, 15-СЕНТЯБРЬ: СССР Жогорку Советинин депутаты, балерина Бүбүсара Бейшеналиева 91 жыл мурун туулган



Кыргыз-совет балет жылдызы, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири Бүбүсара Бейшеналиева кээ бир маалымат булактарында 17-майда туулган деп жазылат. Ал эми айрым маалымат булактарында анын туулган күнү 15-сентябрь деп жазылган.
17-май анын уулу Эрмек Бейшеналиевдин туулган күнү болгондуктан бул датаны уулунун туулган күнүнө ылайыкташтырып жаздырып алган деген маалыматтар айтылып жүрөт.
СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында 1926-жылы туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы хореографиялык окуу жайында окуган. 1941-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылы башкы солист, 1949-жылдан тартып Фрунзедеги хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген.

Ал катышкан "Чолпон" балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Б.Бейшеналиева СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

15-сентябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.