super.kg logo

Биринчи каналдын "Жди меня" берүүсү эми эфирге чыкпайт

 
Игорь Кваша жана Мария Шукшина көрсөтүүнүн биринчи алып баруучулары
Михаил Ефремов көрсөтүүнүн экинчи алып баруучусу. Ефремов да берүүнү Мария Шукшина менен алып барган.
Александр Галибин жана Ксения Алфёрова көрсөтүүнүн үчүнчү алып баруучулары
Александр Галибин

Орусиянын Биринчи каналы "ВИД" телекомпаниясы менен "Жди меня" берүүсүн чыгаруу боюнча мөөнөтү бүткөн келишимди узартуудан баш тартты. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, эки компаниянын ортосундагы келишпестик телеберүүнүн алып баруучусу Александр Галибин долбоордон кеткенден кийин чыккан.

"ВИД" телекомпаниясы Биринчи каналдын макулдугусуз алып баруучуну жумуштан бошоткон. Алар алып баруучулукка сунуштаган жаңы талапкерлер Биринчи каналдын жетекчилигинин купулуна толгон эмес. Мындан улам Биринчи канал келишимди узартуудан баш тарткан. Бул маселе тууралуу эки тарап тең кененирээк маалымат тарата элек.

Ушул жылдын август айында “Пусть говорят” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов да 25 жыл эмгектенген Биринчи каналдан "Россия 1" телеканалына кеткен. Ага удаа эле "Наедине со всеми", "Пока все дома" берүүлөрү Биринчи каналдын эфиринен көрсөтүлбөй калды. Буга байланыштуу коомчулук арасында Биринчи канал эски берүүлөрдү "тазалап" жатат деген кеп тараган. Бирок каналдын өкүлдөрү айтылган кептер чындыкка дал келбей тургандыгын айтып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.09.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне болуп кетеер экен куто туралы дагы...
15.09.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Xanisha,эми жду тебя деп чыгышат андан кийин иди сюда деген чыгат анан акыркысы пошёл вон деп чыгат ошону менен бүтүт буюрса
15.09.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы корсотуу эле мен ыйлап корчуумун
15.09.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун беруу эле эми бир нерселерди чыгарвшатда ургант кетсе биринчи каналды корбой калат экенбиз
16.09.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларда да 2018 президентик шайлоо жакындап калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: