super.kg logo

Интернетке Жогорку Кеңештин депутатынын айынан учак бир саатка кармалганы боюнча маалымат чыкты. Депутат жооп берди

 

Кечээ, 14-сентябрь күнү Бишкек-Ош каттамы боюнча "ТезЖет" DJ -117 аба каттамындагы учак өз убагында учпай, бир саат кармалгандыгы боюнча интернет колдонуучулар социалдык түйүндөргө жазышкан. Анда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимовдун мас абалында болуп, мындан улам учак кеч учканы айтылган.

"Бишкек-Ош каттамы боюнча "ТезЖет" DJ -117 аба каттамындагы учак 14-сентябрда саат 19:45те учмак. Бирок учак бир саатка кеч учту. Мунун баарына бир адам күнөөлүү болду. Бүтүндөй жүргүнчүлөр бир адамды күтүүгө аргасыз болдук. Бир сааттан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов мас абалында келди. Учактын салонунун жарымы жаш балдар болгондуктан алар ачка, чарчап ыйлашты. Качан бул баш аламандык токтойт, бул мыйзамсыздыктарды тескөөчүлөр болобу?" - деп суроо салган интернет колдонуучу Дамира Акунова.

Ал эми "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы бул маалыматты төгүндөп, учак салонду тазалоо иштерине байланыштуу 26 мүнөткө кармалганын билдирди.

"Учак бир саат эмес 26 мүнөт кармалган. Бул учактын салонун тазалоо иштерине байланыштуу болгон. Жургүнчүлөрдүн баары кечикпестен өз убагында эле келип каттоодон өтүшкөн. Каттамдын кечигиши депутат Искендер Матраимовдун кеч келишине байланыштуу эмес", - деп билдиришти аэропорттон.

Депутат Матраимов 14-сентябрь күнү Бишкек-Ош каттамы боюнча "ТезЖет" DJ -117 аба каттамы менен учканын ырастап, сүрөттөгү да өзү экенин айтты. Бирок эл өкүлү 15 жылдан бери спирттик ичимдигин ичпей калганын жана учакка каттоодон 40 мүнөт мурда барганын айтты.

"Мен спирт ичимдигин такыр ичпегениме 15 жыл болду. Өзү учакка дайым 40 мүнөт эрте барам. 14-сентябрь күнү да эрте барып аэропортто күтүү залында турдум. Кийин депутат Жыргалбек Калмаматов келди. Экөөбүз 40 мүнөттөн ашуун сүйлөшүп турдук. Аэропорт кызматкерлеринен эмнеге кечигип жатканын сураганыбызда, техникалык себептерге байланыштуу дешти. Андан кийин 20 мүнөттөрдө учакка отурдук. Мен отургучка отурганда эле телефондо интернеттеги маалыматтарды окуп жаткам. Ошол кезде сүрөткө тартып калышыптыр. Саясат өз жолунда, бирок мынчалык деңгээлде бирөөнү каралоо адамгерчиликке сыйбаган иш", - деди депутат Матраимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
15.09.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Сдпкнын депутаттарынан любой нерсе күтсо болот болгону матраимовко сөгүш жарыялап койот кайра эле талтандап жүрө берет сдпкчылар
15.09.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимге ишенериндида билбейсин,баары эле апапакбы же кулака лапшаны жакшы илеби
15.09.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эл айтса, калып айтпайт!
15.09.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Вай блииин, жүргүнчүлөр ачыгын айтып жатса да бул эки жүздүүлөр моюндарына алышпайтко).
15.09.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Матраимовдорго болгон каралоо бул. Кантип эле мас абалында учака чыкмак эле.
Bekzamann түзөттү 2017-09-15 13:03:50
15.09.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Bekzamann, бул каралоо эмес!!! Депутаттар мас абалында самолетко биринчи жолу чыгып жатышыптырбы?!!

Же депутаттар самолет айдайт деп ойлодун беле?!!
15.09.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Ушул Матраимовдор тажатты да!!! Кимге ишенип жатат?!! Бакандай болгон 5 бир тууганынабы же Аташкасынабы?!! Кыскасы мага десе доо болсо да ордуна коюп коюга убакыт жетти!!!

Бул жепжутардын айынан калп айткан аэропорт жетекчилерин да иштен бошотуу керек!!!

Качантан бери учууга убактысы келген самолеттун салону тазаланат?!! Качантан бери самолеттун бортунда жургунчулор боло туруп салон тазаланып самолет ондолот?!! Калпты да окшоштуруп айтканды билишпейт!!!
15.09.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Создун кыскасы башаламан кыргызстанда атамбайдан баштап бары жалган суйлошот калптын казаны кайнабайт дегендей КСПД партиясын козун май басты карпайым елге кыйын болду жашоо шакалдар
15.09.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
тез жет тез жеткизбептирда
15.09.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул жепжутат райым миллиондун биртууганы албетте талтандайт да. Болгондо да сдпк партиясынын жепжутаты экен.
15.09.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Сразу каралоо деп жооп беришет булар деген прям апппак
15.09.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жакшы иш эмес суротунон билинип турат уктап жатат.Темадан башка мен билгенден бери 2007 жылдан азыркы убакытка чейин Москва-Ош Ош-Москва Бишкек-Москва Москва-Бишкек качан корсон болбоду дегенде эн азы эки жарым саат кечигип учушат канча деген жаш балдар бар ошону да жооп беруучу жактарга кайрылып чечип койсо жакшы болмок.
Azatbek83 түзөттү 2017-09-15 13:56:25
15.09.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жон эле каралоонун эмне кереги бар?кантип эле учак бир адам учун ошончо кутуп кармалсын
15.09.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
СДПК дегенде жалан убал кесирден коркпогон пенделер эске келчу болду.
15.09.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Телефон кармабай эле уктап атат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: