super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. АН-2 учагында кырсыкка учурап каза болгон Аксы районунун тургуну 25-май күнү жерге коюлду

 
Кырсыкка кабылган АН-2 учагы
Кырсыкка кабылган АН-2 учагы

24-майда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Жыл-Кол айылына АН-2 учагы кулап, андан 3 адам каза болгон. Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургун буларды айтат: "Мен ушул айылга жакын Катыраңкы-Сай айылында жашайм. Ошол күнү үй иштери менен алектенип жүрүп учактын учуп баратканын көргөм. Жерге өтө жакын учуп бараткан болчу. Аңгыча аябай катуу үн чыгып, үйдүн жогору жагындагы дөңсөөгө чуркап чыктым. Учак жерге кулап, кара түтүндүн арасында күйүп жатыптыр. Ал жерге барып бир адамдын жерде жатканын көрдүм, жардам берейин десем кыймылдаган жок. Өлүп калган экен".

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Ал эми окуяда каза болгондордун бири, Кербен шаарынын тургуну Сапарбек Алимбеков 25-май күнү жерге берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: