super.kg logo

Садыр Жапаровдун жактоочусу: "Соттор саясий буюртманы аткарышты, эми Жогорку Сотко кайрылабыз"

 

Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө нааразы болгон Садыр Жапаровдун жактоочулары Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG'ге жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Бүгүн Жапаровдун ишин караган соттор аны соттошту. Алар соттолуучунун ишин карап жатып, бул айып тигинин көрсөтмөсү менен далилденет, бул болсо төмөнкү материал менен далилденет деп бир фактыны көрсөтө алышкан жок. Бул, демек, бүгүнкү күндө сот системи эң төмөнкү деңгээлге түшкөнү. Сот мындай кылып өкүм чыгарбайт. Алар ар бир фактыларды изилдеп чыгыш керек эле. Бирок алар анткен жок, акыркы сөздөн кийин 1 сааттын ичинде кайра келип өкүмдү окушту. Бир саат аралыгында алар эмнени изилдегенге жетишти. Мында чыныгы саясий буюртма бар. Эми биз Жогорку Сотко даттанабыз", - деп билдирди Токтосунов.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен "Барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Маалым болгондой, Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.09.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясый буюртма болгондон кийин жогорку соттон деле толк чыкпайт жон эле убара.Оппозициядан прездент келип эле Садырды чыгарбаса башка вариант жок.
15.09.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митинг кылса Кумторду элди ойлоп кылгандыр андан коро Кумторго макул болгондорду соттобойсунарбы!Буйруса бир ай калды сабыр кылалы таза шайлоо болсо СДПКнын куну бутот бут баары алмашат жаны адамдар келишет аз калды.
15.09.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку Сотко кайрылышканы менен жыйынтык чыкпайт, Атамбаев СДПКсы менен бийликте болсо!....
16.09.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку сот деле бийлике баш ийет да,пайдасы жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: