super.kg logo

"Кыздын көркү чачта" же чачына эксперимент жасоодон тажабаган жылдыздар

 

Байкасаңыз, Голливуд жылдыздары чачына эксперимент жасоодон эч коркушпайт. Айрымдар чачын ай сайын ар башка түскө боёп элдин көңүл чордонунда болушса, кээ бирлери жасалма чач же убактылуу кармоочу боёкторду колдонушат. Соңку кездерде кыргыз шоу-бизнесиндеги жылдыздар да алардан кем калышпай келишет. Ким деп кызыгып турсаңыз, төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз.


Кэти ПерриЧачты ачык түстөргө боёо боюнча алдына киши салдырбаган Голливуд жылдызы – Кэти Перри. Анын сүрөттөрүн карасаңыз чачын дээрлик бардык түс менен боёгону көрүнүп турат.

Ким КардашьянБелгилүү модель жана актриса Ким Кардашьян Перриден айырмаланып ачык түстөрдөн алыс. Анын буга чейинки имидждеринен улам кара жана сары өңдөргө басым жасаганын байкоого болот.


РианнаАл эми америкалык ырчы Рианна чачтын түсүнө гана эмес, чач жасалгаларга да көбүрөөк көңүл бурарын төмөндөгү сүрөттөр айгинелейт.

Айпери Кубик кызыКыргыз шоу чөйрөсүндөгү жылдыздардын ичинен чачынын өңү-түсүн тез-тез алмаштырып турууну жактырган ырчы Айпери Кубик кызы эң алгачкы ирет мындан 10 жыл мурун чачын боёгон. Ошол кезден бүгүнкү күнгө чейин канча түскө боёгонун так билбейт.

"Менимче, чачымды бардык эле түскө боёп көрдүм окшойт, так санын билбейм. Чачыма кам көргөндү жактыргандыктан бат-баттан кырктырып же жасалма чач коштуруп, түстөрүн да түрдүү кылып өзгөртүп турам. Мунун чачыма зыяны тиет деп айтуудан алысмын, анткени чачка ылайыкталган ар кандай маскаларды колдоном", - дейт ырчы.

Назгүл ТоктакуноваОшондой эле ырчы Назгүл Токтакунова да чачка эксперимент жасоодон тажабайт. Ырчы ушул кезге чейин чачын боёй элек бир гана көгүш түс калганын айтат.

"Эң биринчи жолу чачымды 17 жашымда кара түскө боёгом. Андан кийин сары, жашыл, көк, кызыл, күлгүн жана башка бир топ түскө боёп чыктым. Мен боёбогон көгүш эле түс калды окшойт. Негизи чачка эксперимент жасаганды жакшы көрөм. Мунун зыяны жок, эң негизгиси ушул жааттан мыкты адис менен иштешүү керек", - дейт ырчы.



Чолпон ТалипбековаАл эми "Нон-стоп" дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбекова башка жылдыздардан айырмаланып чачын түрдүү түскө боёп отурбастан, ар кандай өңдөгү кийме чачтарды колдонууну жактырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
17.09.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окумуштуулардын изилдоосу боюнча:аялзаты чачын кандай туско бойобосун,акыры озунун табият берген тусуно боеп токтошот экен.
17.09.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айпери Кубик кызы күйөөсү менен ажырашкандан кийин өчүн чачынан алды окшойт.
17.09.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн коп тез тезден чачын ар кандай тус, прическа кылган бул Рианна. Ар бир клипте ар башка образда чыгат.
17.09.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AKCAHAT,Чачы жок да ,париктин турлору ал.
17.09.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мерген Турган молодец.чачын эч боёбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: