super.kg logo

Шри-Ланкада крокодил сүйрөп кеткен журналисттин денеси табылды

 

Шри-Ланкада крокодил сүйрөп кеткен 24 жаштагы жигиттин денеси табылды. Ал Британиянын Financial Times гезитинин журналисти Пол Макклейн экендиги аныкталган.

Чет элдик маалымат каражаттарында жазылгандай, журналисттин денеси крокодил сүйрөп кеткенден 1 күндөн кийин табылган. Financial Times гезитинин башкы редактору журналисттин өлүмүн тастыктап: "Пол жумушуна берилген мыкты, таланттуу жигит болчу", - деп эскерген.

Маалыматка ылайык, Пол Макклейндин денесин суучулдар крокодил байырлаган кир суудан таап чыгышкан. Суучулдар Полдун бутунун 7 жеринде жаракат бар экенин айтышкан.

Макклейн Шри-Ланкада достору менен эс алууда жүргөн. Досторунун айтымында, ал дааратканадан чыгып, суунун жээгинде колун жууп жатканда күтүүсүздөн суудан крокодил чыгып, сүйрөп кеткен. Алар дароо полиция кызматына кабарлашкан.

Крокодилдердин адамдарга кол салышы Шри-Ланкада дээрлик кездешпейт. Ал эми ушул айдын башында крокодил чоң пилди жарадар кылгандыгы тууралуу да маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
15.09.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаман болуптур байкуш
15.09.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
altynka95,Жаман болгон экен байкуш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: