Октябрь айында өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

Өлкө аймагында октябрь айында жаан-чачын ченемден аз жаап, айрым аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абанын орточо температурасы +11 +13 градус жылуу болушу ыктымал. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде айдын биринчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн +4 +9°, күндүз +22 +27 градус жылуу болушу күтүлөт. Чүй өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлөт.
Талас облусунда түнкүсүн +1 +6, күндүз +19 +24 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы +13+18 градус жылуулуктан +21 +26 градуска чейин жетиши ыктымал. Айрым түндөрдө абанын температурасы -1 -3 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагында түнкүсүн -2 -4, күндүз +11 +16 градус жылуу болушу күтүлөт. Нарында түнкүсүн -1 -6 градус суук, күндүз +13 +18 градус жылуу болушу ыктымал.
