Сот Салянованын жактоочусуна "отурумдан четтетилгенсиң" деп суроо бердиртпей койду



Бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянова көрсөтмө берүүдө, ага кезек боюнча жарандык жактоочусу Рабига Сыдыкова суроо берүүсү керек болуп, бирок сот аны отурумга катышуудан четтетилгенсиз деп суроо бердиртпей койду.
“Сиз туура эмес ойлоп жатасыз, сиз мени отурумдан четтете албайсыз. Мен сиздин кол алдыңыздагы баш ийген кызматкериңиз эмесмин”, - деди жарандык жактоочу.
Буга кошумча Салянова жарандык жактоочуга суроо берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүнү соттон талап кылды.
“Сиз жарандык жактоочуга суроо берүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз. Болбосо мен бардык суроолорго жооп берүүдөн баш тартам”, - деди Салянова.
Бирок сот чечимин өзгөрткөн жок, Салянова суроолорго жооп берүүсүн улантып, жарандык жактоочунун ордуна жактоочу Чынара Жакупбекова суроолорду берди.
Эскерте кетсек, буга чейин сот Салянованын коомдук жактоочусун отурумдан четтетилгенин айтып, милиция кызматкерлери отурумдан алып чыгууга аракет кылышкан.
Салянованын сотундагы ызы-чуу 2 (15.09.17)


