super.kg logo

Шарттуу кесилген Садыр Жапаровдун тарапташтары абактан бошотулду

 

Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен шарттуу кесилген Садыр Жапаровдун тарапташтары абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Буга чейин шарттуу кесилген Адылбек Исаев, Рустам Жапаров, Жаңыбай Жеңишбеков, Шамшидин уулу Айдынбек, Байгазы Казиев, Улан Усупов абактан чыгышты. Алар шаардагы №1-СИЗОдо камалып жатышкан", - деп билдирди жактоочу.

Эске салсак, буга чейин 5-сентябрда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отуруму өткөрүлүп, алардын айрымдарын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан.

Маалым болгондой, 25-мартта УКМКнын алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
15.09.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жакшы жанылык,Садыр Жапаровтунда акталып чыгышын кутобуз
15.09.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мооноторун ашыгы менен отуруп койдулар да! Шартуу турдо болгондуктан мурда эле бошотуш керек болчу. СИЗОнун бир куну эки кунго журот. Марттын 20маларында кармалды беле? Уже сентябрь! Алты ай
15.09.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сарсанаа болбогула, калайык калк. Азыркы бийлик жаныланганда баары оз нугуна тушот да азыркы АШАнын пландарынын негизинде жасалып жаткан бут иш аракеттерге катыштыгы бар сооройлор жооп беретурган кун да алыс эмес!

Карагылачы, мыкты инсандар бар, эл, жери учун куйуп жанган, кыргыздын эртенки келечегин ойлогон.
Эмне таза иштеп, элим жерим деп, койгойлорду чечуу учун аракет жасагандыгы учун камалыш керекби???????? Жоок! АШАнын да жооп беретурган куну келет, буюрса!

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: