Америка Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга чара көрүүгө чакырды

Америка Кошмо Штаттары Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, мындай чакырык кечээ, 15-сентябрда Пхеньян баллистикалык ракетасын экинчи ирет Япониянын үстүнөн учурган соң жасалды. Мындан улам Кошмо Штаттар Кытай менен Орусияны Түндүк Кореяга каршы “тикелей чара” көрүүгө чакырууда.
Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун билдирүүсүндө: “Кытай Түндүк Кореяга керек мунайдын көбүн берет, Орусия Түндүк Корея жумушчуларынын эң ири иш берүүчүсү. Кытай менен Орусия бул жоопкерчиликсиз ракета атуулар менен келише албай турганын көрсөтүп, тикелей чара көрүшү керек”, - деп айтылат.
Пхеньяндын соңку ракета атуусуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул отурумга чогулганы жатат. Атылган ракета Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп, Тынч океанга кулаган.
Пхеньян Япониянын Хоккайдо аралынын үстүнөн ракетасын буга чейин 29-августта да учурган болчу.
Анын артынан суутек бомбасын сынаганына байланыштуу апта башында БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкцияларды мурдагыдан катаалданткан эле. Пхеньян болсо Коопсуздук кеңештин чечимин четке каккан.









1 |