super.kg logo

Окумуштуулар өлүмгө эң көп алып келген вирустарды аташты

 

Өлүмгө эң көп алып келген вирус деп ВИЧ, кутурма, малярия вирустары деп эсептелип келген, бирок окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрү боюнча өлүмгө эң көп алып келген вирус деп - гепатит табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдаган.

"Гепатит - ВИЧ жана кургак учукка караганда көп адамдын өмүрүн алат. Мындай жыйынтык гепатит эч убакта глобалдуу маселе катарында каралбагандыгынан улам чыккан. Бир да өлкөдө бул вируска тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келет", - деп гепатитке каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк альянсынын президенти Чарльз Гор билдирген.

Гепатиттин ар кандай түрлөрүнөн акыркы жылдары дүйнөдө 1,5 миллионго жакын адам каза болгон. Дарыгерлердин айтымында, адамдардын өлүмүнө гепатиттин өзү гана эмес, ал алып келген: кара сарык, боордогу залалдуу шишик жана башка оорулар себеп болгон. Экинчи орунда кургак учук - ал 1,2 миллион адамдын өмүрүн алган. Үчүнчү орунда ВИЧ, бул илдеттин айынан 1 миллиондон ашык адам көз жумган.

Акыркы жылдары кургак учук жана ВИЧ оорусунан көз жумгандардын саны кыскарган. Ал эми гепатиттен көз жумгандардын саны 22 пайызга өскөн. Дүйнө жүзүндөгү көп адамдар илдетти жуктуруп алганын билишпейт. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жашаган адамдардын 5 пайызы гана өзүнүн илдети тууралуу билип, дарыгердин көзөмөлүндө турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.09.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
гепатиттин турлору коп личениясы абдан кымбат. Ушуга конул буруп дары дармектерди кобуроок чыгарса жакшы болот эле.
16.09.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ушул вирустардын баарын олтурот турган нерсе качан чыгат болду экен
16.09.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Lu4ano, чыкпайт, эгер окумуштуулар кааласа рак, ВИЧ, гепатитке деле каршы вакцинация ойлоп чыгышмак, бирок бул дуйнолук масштабдагы ото чон бизнес.ВИЧке омур бою олгучокту лечение алат ко ошону бир жолу сакайып кетсе канчадыр процент дары сатуу кыскарат. Ошондуктан мындай олуттуу оорууларга дарыны чыгарышпайт болуш керек
16.09.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул гепатит мн ооруйм,кымбат укол дары дармегин деле алып кордум,болгондо да Москвадан алдырдык дары дармегини,анча таасири тийбей эле бирок.
16.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Elnura08,Аллахым шыпаасын берип айыгып кетиниз
16.09.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Elnura08,менин апамда ооруйт бизда ар кандай даарылар менен даарыладык бирок таасир болбоду Азыр төөнун суту менен даарылап жатабыз озгоруу а бар азыр укол даарыга караганда анча жакшы.
..
16.09.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bakyi,апам болгондода гепатит цироз печен.
төөнун сутун сунуштайм апам эскисинден
жакшы Сиздергеда сунуштайм .....!
16.09.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар айтып койгулачы гепатит кандай ооруу????
16.09.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гепатиттин дарылары отто кымбат.Мен озум ооругандан билем.Мага врач жазган дары таблетка турундо.Аптекаларда жок,Бишкектеги эн чон Неман фирманын складында да жок.Болсо да 6000сомдон сатмакпыз дешет.Мага врач озу берет 4000 сомго.Бир айга 4000сом бюджеттеги кишиге оор.Жок дегенде 4жыл ичиш керек экен.Жылыш жакшы.Алган айлыгым 7000сом.Мамлекет кобуроок дарыдармеке конул бурса жакшы болмок.Дарынын аты ТЕНОФОВИР ким арзан жерин билсе жазыныздар.
16.09.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин апамда гепатит "С".Ледипосвир деген дары ичип,вирусу 0го тушту
16.09.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Малымат учун баарынарга рахмат. Менда жогоруда айтылган дары-дармектерди апама сунуштайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: