super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-сентябрь: Мындан 129 жыл мурун Мерседес унаасы атын алып жүргөн Мерседес Йеллинек төрөлгөн

 

1897-жылы австриялык бизнесмен Эмиль Йеллинек "Daimler Motoren Gesellschaft" ишканасына барып Даймлер автоунаасын сатып алган. Ал унааны сатып алган соң анын көптөгөн жакындары Даймлер унаасына кызыгып жаткандыгын байкайт. Кайрадан фирмага келип дагы бир нече унаа өндүрүүсүн, унаанын атын "Мерседес" деп атоосун суранган. Мерседес бизнесмендин 8 жаштагы сүйүктүү кызынын аты эле.

Мерседес маркасы 1900-жылы катталган. Ошол эле жылы үч бурчтуу жылдыз компаниянын логотиби болуп калган. Ал жылдыз транспорт бизнесинин сууда, асманда, жерде өсүүсүнүн символу болуп эсептелет.

Дүйнөдөгү эң белгилүү автоунаа ысымын алып жүргөн Адриана Мануэла Рамона Йеллинекти үй-бүлөсүндөгүлөр Мерседес деп аташчу.

1889-жылы 16-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Мерседес Эмиль Йеллинектин үй-бүлөсүндө 3-баласы эле. Мерседес өмүр бою Венада жашаган. Ал элге өзүнүн эки жолку ажырашуусу менен таанымал болгон. Мерседес жаш кезинен музыкага жакын болуп, ырдаган. Эң кызыгы ал атасынын автоунааларга болгон сүйүүсүн эч качан жактырчу эмес. Мерседес Йеллинек 1929-жыл сөөктүн рак оорусунан улам каза болгон.

16-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: