super.kg logo

Улуттук китепканада мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган китеп көргөзмө өтүп жатат

 

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада мамлекеттик жана саясий ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган "Улутубуздун унутулгус уулу" аталышындагы китеп көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмө кечээ, 15-сентябрда башталгандыгын улуттук китепкананын жамааты билдирди.

Султан Ибраимов 1927-жылдын 20-сентябрында Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. 16 жашында Улуу Ата Мекендик согуш башталып, ал Ленин атындагы колхоздо иштей баштап, кийин тракторист болгон. Гидромелиоративдик техникумдан, андан кийин Ташкенттеги институттан билим алган.

"Султан Ибраимов мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп жатканда өзүнүн өтө эмгекчилдигин жана жалпы тармак боюнча билимдүү экендигин көрсөтө алган. Ал элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгын ар дайым биринчи орунга койчу. Анын бул аракеттери улут улуу инсан катары кабыл алуусуна түрткү болду. Учурдун жаштары ал жана анын эмгектери тууралуу билиши керек деген максатта аталган көргөзмө уюштурулууда. Көргөзмөгө ал жөнүндөгү материалдар, китеп, макалалар коюлган", - деп жазылат китепкананын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: